www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн эки милиционери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
11-май күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына Б.Э. аттуу жаран кайрылган. Ал Искен жана Каниет деген эки милиционер анын телефонунан уруксатсыз көчүрүп алган видеону "жайылтабыз" деп коркутуп, бир айдан ашык убакыттан бери 15 миң сом талап кылып жатышканын билдирген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча иш козголгон.
"Ыкчам кызматкер А.И. менен тергөөчү З.К. 3-июнь күнү Свердлов РИИБдин имаратына жакын жерден талап кылган суммасын алып жаткан жеринен кармалышты. Тинтүү учурунда алардын күнөөсүн аныктаган далилдер табылды", — деп айтылат маалыматта.
Милиционерлер Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Министрликтен белгилешкендей, ИИМ милициянын атын булгаган, пара алган, мыйзам бузган тартип сакчылардан катарын тазалап жатат.
Булак: NazarNews.kg