www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тамчы аэропортунун тушунда жол боюна курулган 840 миң сомдук даңазалуу аялдама бузулуп, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 351 миң сомго кайра курулуп бүттү. 

Президент: "Болгону 351 миң сом акча кетет экен. Айырмасын караңыздар, тегерегинин баары айнек менен тосулган. Түнкүсүн күйүп- жанып турат. Көрүнүшү да жакшы. 15-20 жыл былк этпей турат", - деп сүйүнчүлөдү. 

Ошондой эле: "Мен буга чейин дагы баарыңарга эскерткем, дагы да эскертем. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтарасыңар жана түрмөдөн да чыкпайсыңар. Акыркы эскертүүм. Кийин эскертпедиң дебегиле", - деп коңгуроо какты. Муну уккан далайлардын "ичкени ириң, жегени желип болуп саруулап" жатышат го... 

Кыбыраган кыр ашат демекчи, аялдама боюнча долбоорду ийгиликтүү аяктап, буюрса эми Талас шаарында курулган 4 млн 880 миң сомдук балдар ойной турган аянтча кайрадан жасалганы турат. Учурда желген акча кайтарылып, күнөөлүүлөр камакта жатат. 

Бул тууралуу президент: "Баары камалып, уурдалган акчалар мамлекетке кайтарылды. Эми кайрадан ошол жерди өз көзөмөлүбүздө курабыз. Канча акча менен кандай курулгандыгы жөнүндө кийин маалымат беребиз", - деп айтты. 

Мына иштейт деген ушундай болот. Кайсы президент майда-барат нерселерге маани берчү эле. Башталат баары майдадан дегендей, президент Садыр Жапаров ар бир көңүл сыртында калчу майда нерселерден бери көрүп, таап, маани берип жатат. Мындай качан болду эле?..

Президент айткандай, сыртта 21-кылым. Баары алаканга салгандай көрүнүп турат. Көз коркок, кол баатыр демекчи, минтип даңазалуу аялдаманын дагы курулушу 351 миң сомго өтө арзан курулду. Үнөмдөө деп ушуну айтса жарашат. Эми кезек, балдар ойноочу аянтчада... 

Өлкө башчысы Садыр Жапаров кара жанын карч уруп, ири долбоорлорду ишке ашырып баштады... Буюрса сыртка эшелон-эшелон болуп кара жумушка мандикер болуп кетип жаткандар кайтып келе баштайт. Аялдамага кароолчу болуп, балдар аянтчасын тазалап иштешсе деле тапкандары тамак-аш түгүл, эс алгандарына кенен жетет. Өнүгүү жакшы темпте, көралбастык кылбайлы...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости