www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германияда Air Defender аталышындагы НАТОнун тарыхындагы эң ири машыгуулар Аскер Аба Күчтөр тарабынан башталды.
Эксперттердин айтымында «мындай ири масштабдагы Аскер аба күчтөрүнүн катышуусундагы машыгуулар, «кансыз согуш» аяктагандан бери өтө элек болгон.
Анын максатын Украина чатагындагы белгисиздик мөөнөттө Россиянын мүмкүнчүлүгүн чектөө катары мүнөздөшөт.
12-июндан 23-июнга чейин Германияда өткөрүлмөкчү болуп жаткан Air Defender машыгуусуна 25 өлкөдөн 10 миң аскер жана 250 самолет катышмакчы.
Германия Коргоо министри Борис Писториустун айтымында мындай абада өткөрүлмөкчү болгон машыгуулар авиакаттамдарга таасир этпей койбойт.
Германия Аскер Аба Күчтөрүнүн командачысы Инго Герхартц «машыгуунун жүрүшүндө Калининград областына жакын аймакта учуулар болбостугун жана маневрлар Россияга каршы провокация болуп эсептелбешин» билдирди.
Россия Илимдер Академиясынын Дүнөлүк экономика жана Эл аралык мамилелер Институтунун ага илимий кызматкери Александр Камкин «НАТОнун бул окууларын Украинада чатак сакталып турган маалда Россияга болчу сигнал жана демарш катары эсептейт».
Нур АМАН
Булак: NazarNews.kg