www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 1-январынан баштап ишке кирген жаңы жазык мыйзамдары орчундуу өзгөрүүлөргө дуушар болду.

Буга эмне себеп болду? Бул суроого укуктук эксперт Лейла Сыдыкова кеңири жооп берет. Сөз Жазык кодексиндеги толуктоолор жөнүндө болмокчу.

Чакырыктарга жооп иретинде жасалган реформалар

Сыдыкованын айтуусунда, биздин жана дүйнөлүк коомчулук туш келе турган белгилүү бир чакырыктар бар.

 «Реформа бир эле адамга же адамдардын тобуна эле туш келбейт, бул мезгилдин талабы жана локалдык мүнөзгө эмес, дүйнөлүк тенденцияга ээ жаңы чакырыктар», - дейт Сыдыкова.

Атап айтканда, акыйкатсыз өкүмдөр үчүн Кыргызстандагы адамдар сот өндүрүшүнө жана сот бутактарына реформа жүргүзүү талабын коюп келишкен.

Ошол себептен жазык мыйзамдарынын чөйрөсүндөгү реформалардын багыты катары адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында жазык жоопкерчиликтерин андан ары аныктоо болду.

«Биз коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелерин дагы чечишибиз керек, ошондой эле жазык-укуктук чаралардын натыйжалуулугун аныкташыбыз керек эле. Азыркы жагдайда, кылмыштардын жаңы түрлөрүнүн өсүп жаткандыгы байкалат: экстремизм, терроризм, коррупция, уюшкан кылмыштык иш-аракеттер, өнөкөткө айланган кылмыштуулук, зордукчул-пайда көздөгөн багыттагы кылмыштар – булардын бардыгы биздин убактагы  болуп жаткан көрүнүштөр», - деп белгиледи Сыдыкова.

Эски мыйзамдардын жазалоочу багытынын жогорку деңгээлде болгондугуна карабастан  Кылмыштуулуктун өскөндүгү байкалат. Мисалга алсак, эски жазык кодексинде өмүр боюу эркинен ажыратуудан тышкары, 30 жылга чейин эркинен ажыратуучу максималдуу жаза каралган.

«Келгиле өзүбүздү өзүбүз алдабайлы: 20-30 жылга эркинен ажыратуу –бул иш жүзүндө соттолуучу үчүн өмүр боюу эркинен ажыроо мөөнөтү, эгер ал башынан аягына чейин отурганда. Эгер адам 40 жашында түрмөгө отурса, анда ал 70 жашында чыгат, эгер чыкса», - дейт эксперт.

Биздин коомдо кылмыштуулуктун өсүшүн төмөндөтүү үчүн өлүм жазасын кайра киргизүү боюнча пикирлер чыга баштады, айрым депутаттар физикалык күч колдонуу чарасын киргизүүнү сунуштап чыгышты – Сингапурдагыдай таяк менен сабоо. Жазык мыйзамдарынын жазалоочу багытын калыпка келтирүүчү процесс жүрдү. 

«Өзгөчө саясатчылардын оозунан мындай пикирдин чыгышы коркунучтуу. Ал эми ансыз да жетишерлик катаал экономикалык жана социалдык шарттарда жашап жаткан коомчулук туурасында эмне айта алабыз!?Биз өз алдынча жазалоо сыяктуу көрүнүштөрдү көрүп, кездештирип эле жүрөбүз – мунун бардыгы мамлекеттик бийликтин алсызданышы, бул жарандардын мыйзамдык акттар аркылуу көрүп жана сезгиси келген ошол акыйкаттуулукту көрбөй жаткандыгы», - деп эскерет эксперт. 

Коомчулук акырындык менен талион принцибине – көзгө көз, тишке тиш принцибине кайтууну талап кыла баштады. Белгилүү болгондой, талион принциби байыркы кылымдарда жаралган, кийин орто кылымдарда адамдарды отко күйгүзүү иезуиттик жолу колдонулган.

Бирок тарыхта андан ары гуманисттик багыттын пайдасына карап жазалоону калыптандыруу процесси жүрдү, ал тургай өлүм жазасын колдонууда дагы анын түрлөрүн тандашкан: өлүп жатканда адамга оор болбошу үчүн жазаны аткарууда аны кантип колдонуу керек дегендей.

«Коомчулук жазанын ар кандай түрлөрүн ойлоп табуу менен өнүгө берет. Бирок, жазаны аткарууда коомчулук кайсыл позиция менен кетет: же алар башты кыя чабышат, же гумандуураак деп эсептелген атуу жолу менен», - деп белгилейт Сыдыкова.

Биздин учурдагы чындыкка саякат

«Коомчулук жана саясатчылар окуяга кандай маани беришерин биз түшүнүшүбүз керек. Бул эки башка деңгээл. Ошондуктан биз коом эмнени талап кылаарлыгы жана саясатчылар эмнени түзүп берери туурасындагы ар кандай маанидеги маалыматтарды алабыз», - деп эсептейт Лейла Сыдыкова.

Эски Жазык кодекси 1997-жылы кабыл алынган. Мына ушул мезгилде эл аралык укук коргоочу уюмдар түрмөдө жашагандардын саны өсүп жаткандыгы жана жазык тутумун гумандаштыруу зарылдыгы жөнүндө айтып келишти. Негизинен алганда дүйнөлүк коомчулук ушундай кылмыштык жазалардын кооптуу абалы сыяктуу жаңы кубулуштарга кызыкдар. Кылмышкерлерге карата аракеттенүүнүн жаңы чараларын издөө жүрүп жатат.

Саясатчылар дагы бул процессти түшүнүшкөн, анткени мыйзамды катаалдаштыруунун көбүрөөк терс социалдык кесепеттерин көрүштү жана амнистия аркылуу эркинен ажыратуу жайларын бошотууга аракет кылышты. Бул мыйзам аркылуу уруксат берилген биринчи реалдуу механизм болгон. 

Мамлекет жана саясатчылар тарабынан пайдаланылган экинчи механизм–коомчулукка чоң коркунуч жаратпаган кылмыштар, ошондой эле анча оор эмес кылмыштар үчүн жазаны жумшартуу.

2007-жылы Жазык кодексинен өлүм жазасы алынып жана өмүр боюу эркинен ажыратууга алмаштырылганда КР Жазык кодексин гумандаштыруунун чоң процесси жүргөн.

Ошондой эле эркинен ажыратууга байланышпаган жазанын жаңы түрлөрү пайда болду. Эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны бербөө үчүн жазанын жаңы түрлөрү ойлоп табылды.

Дагы үчүнчү механизм бар: Административдик кодекстеги жазык иштерин өткөрүп берүүнүн жүрүшү. Жыйынтыгында Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексте мааниси боюнча кылмыштык деп эсептелген жосундар пайда болду. Бул майда уурулук, майда бейбаштык, үйдөгү болгон үй-бүлөлүк зомбулук, уруп-согуу, саламаттыкка жеңил залакка келтирүү, өлтүрөм деп коркутуу.

Бул коомчулукка анча чоң эмес коркунуч келтирүүлөрдүн түрүнө кирген кылмыштардын бир бөлүгүн мамлекет тарабынан декриминалдаштыруу аракетин көрүү механизми.

Ошону менен иш жүзүндө жаңы институт – кылмыштык жосундардын пайдубалы түптөлдү.

«Биз буга жазык саясатын, мыйзамдарды жана биздин мыйзам чыгаруучулардын акылдарын өзгөртүү жолу менен акырындап жакындап келдик. Талаа айдалды жана ага мурда биздин мамлекетке тааныш эмес болгон жаңы жазык мыйзамдарын жана жаңы кодекстерди түзүүнүн үрөндөрү себилиши керек эле», - деди Сыдыкова.

Бирок, эски кодекстерге болгон көп сандаган толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн киргизилиши алардын тең салмаксыздандырылышына, нормалардын бузулушуна алып келди, б.а. иш жүзүндө иштебеген нормалар чыга баштады. Жазык мыйзамынын тактыгы жоголду. Укук коргоочулар кылмыштык жосундардын түшүнүгүн кеңейтүүгө өтүштү.

Саясий конъюнктуралардын кесепетинен жоопкерчиликти күчөтүү тарабына болгон мыйзамдардагы өзгөртүүлөр абдан тез-тез жүрдү. Иш жүзүндө биз криминалдашуунун жана пенализациянын жолу менен кеттик. Анан капысынан эле гумандаштырууну баштадык, бирок андан ары кайра эле баягыл жолго түштүк. Мамлекет ушундай секириктер менен келе берди.

Мындан тышкары, жабырлануучуну чындап камсыздоо көйгөйү болуп келди. Калыбына келтирүүчү сот адилеттигинин, жабырлануучу менен күбөнүн кызыкчылыктарын коргоонун, жабырлануучу тарткан зыянды толтурууга айыпкерге реалдуу түрткұ берүүнүн механизмдери түзүлгөн эмес. Мисалы, жол кырсыгы болгон учурда күнөөлүү адам медициналык кызматтарды төлөө жана сөөк коюуга жардам берүү үчүн жабырлануучуга чуркап барбастан, тескерисинче укук коргоо органдарына жана сотко чуркап барат, б.а. ал жакта тагдыры чечилерин жакшы билген. Ал эми жабырлануучу эч нерсеси жок калган.

Андан ары айталы. Кылмыштык жаза, аны өтөө жана дайындоо, натыйжасыз болду. Эркинен ажыратууга байланышпаган жазалардын жаңы түрлөрүн ойлоп табышты. 2007-жылы, мисалы, келтирилген чыгымды төлөп берүү менен эл алдында кечирим суроо сыяктуу жазаларды киргизишкен.

«Албетте, мунун баары жакшы жашоодон улам келип чыккан жок – иши кылса бир нерсе жасаш керек эле. Бирок, укуктарды чектөөнүн элементтерин камтыбаган, күлкү келе тургандай жазалар күтүлгөн натыйжаларды бере алган эмес. Алар жаза берүүдөгү максаттарды аткара албады. Жана ушундай акыйкатсыздыктардын бардыгы коомчулукта социалдык чыңалууну жаратты. Эгер мыйзамдарга болгон терең, жетишерлик прогрессивдүү реформалоо болбосо, биздин коомчулук жарылышы мүмкүн эле», - деп айтты Сыдыкова.

Бул жана башка көптөгөн көйгөйлөр жазыктык укуктар сыяктуу эле жалпы сот адилеттигинин акыйкаттуулугунун принциптерин бузду.

Алар улуттук жазык мыйзамдарын реформалоонун жүрүшүнө жол ачуунун предмети болуп калды.

Реформалар эмнеден турат?

Реформалоонун башкы багыты - гумандаштыруу. 

«Бирок эң негизги эрежени түшүнүү керек – качан гана биз адам укугун коргоодогу гумандуулук тууралуу айтканда, жабырлануучу адамдын укуктары сыяктуу эле, айыпталуучунун укуктары жөнүндө дагы айтабыз. Жана бардыгы ыраазы боло тургандай тең салмактуу гумандуулукту табуу абдан кыйын, өзгөчө жорук-жосундар оор кесепеттерге алып келсе. Эч ким рецепттерди билбейт, ошондуктан мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн жазык системасынын алкагында бул маселелерди чечүү керек эле», - деп билдирди Сыдыкова.

Эксперттин айтуусу боюнча, бир жолку факт жана жосундун негизинде эле мыйзамдарга шашылыш түрдөгү өзгөртүүлөр кабыл алынбашы керек. Мисалы, эгерде өлкөдө ичимдик ичип алып транспорт башкаруу же сойкулук менен алектенүү фактылары көп болсо, анда аларды криминалдаштыруу керекпи? Бул процессти токтотуу керекпи? Бул процесстерди жалпы криминалдаштыруу токтото албастыгын айтуунун зарылчылыгы деле жок, андай болсо каршы аракеттенүүнүн башка механизмдерин иштеп чыгуу керек, дейт Сыдыкова.

Мыйзамдардагы конкреттүү өзгөртүүлөргө токтолсок, алар төмөндөгүдөй:

  • Коомчулукка коркунучтуу болгон жосундар кылмыш, жорук-жосундар жана укук бузуу деп бөлүнгөн. Жазык кодексинен анча оор эмес кылмыш бөлүнүп алынган жана өзүнчө Жоруктар жөнүндө кодекске киргизилди. Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстен Жоруктар жөнүндө кодекске өзүнүн мааниси боюнча кылмыштык болуп эсептелген жосундар киргизилди.
  • Жосундар менен жана укук бузуу менен болгон кылмыштардын ортосундагы бөлүштүрүүлөр келтирилген чыгымдын оордугу боюнча жүргүзүлөт.
  • Жорук жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу соттуулукка алып келбейт жана адамга эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалбайт. Соттуулук Жазык кодексинин алкагында гана калды.
  • Кылмыштык иштерди декриминалдаштыруу - жарандык-укуктук мамилелерге киргизсе боло турган кылмыштык иштер (товардык белгилерди мыйзамсыз колдонуу, банкротко учурагандагы мыйзамсыз иш-аракеттер ж.б.) Жазык кодексинен алынып салынган.
  • Кылмыштык иштерди депенализациялоо – эркинен ажыратуу мөөнөтү азайтылган. Эркинен ажыратуунун төмөндөгүдөй мөөнөттөрү каралды: минималдуу - 6 ай, максималдуу - 15 жыл, ал эми кылмыштардын жана өкүмдөрдүн  топтому боюнча - 20 жыл. Өмүр боюу эркинен ажыратуу сыяктуу жазанын түрү сакталып калды. Жоруктар жөнүндө кодекс эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды карайт: коомдук ишке тартуу, эркиндигин чектөө, белгилүү бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иштер менен алектенүүгө болгон укуктан ажыратуу, түзөтүү иштери ж.б.
  • Системаларды жана жазанын түрлөрүн реформалоо – Жазык кодексинде жазаны оптималдаштыруу жана аны дайындоодо соттук кароонун чектерин кичирейтүүгө жол берген жазаларды категорияга бөлүштүрүү киргизилген. Жазалардын төмөнкү категориялары каралган: төрт категориядагы коомдук иштер; төрт категориядагы түзөтүү иштери; алты категориядагы айып салуу; алты категориядагы белгилүү бир мөөнөткө эркинен ажыратуу. Дициплинардык аскер бөлүмүндө жана өмүр боюу эркинен ажыратуу түрүндөгү жазанын категориялары жок..
  • Жоруктар жөнүндө кодекс жазанын төмөндөгүдөй түрлөрүн камтыйт: коомдук иштер; эркиндигин чектөө; белгилүү бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иштер менен алектенүүгө болгон укуктан ажыратуу; түзөтүү иштери, айып; аскер кызматкерлерине карата камакка алуу жазасы.
  • Соттуулук институтунан баш тартуу, кылмыштардын жана көндүм институттун өзүнчө курамынын тандалган белгилери катары. Соттуулук жана көндүм инститтары ордун жана жаза өтөө режимин аныктоодо гана пайдаланылышы мүмкүн (пенитенциардык көндүм).
  • Жазык кодексине коопсуздук чаралары киргизилди–мүлкүн конфискациялоо; материалдык чыгымды жана кылмыш жасагандыгы үчүн келтирилген моралдык зыяндын компенсациясын төлөп берүү; КР тышкары чыгарып салуу. Алар кандай гана кылмышка болбосун берилген жаза менен бирдей эле сот тарабынан колдонулат жана аны сот зарыл деген гана учурларда.
  • Пробация институтунун киргизилиши – шартуу кесүүнүн формасы, мында соттолуучу пробация органынын көзөмөлү астында эркинен ажыратылбай туруп сот тарабынан бекитилген убактылуу түзөтүү мөөнөтүнө киргизилет.
  • Юридикалык жактарга карата жазык-укуктук чараларды киргизүү – айып, укуктарын чектөө, жоюп салуу. Мүлкүн конфискациялоо кошумча чара катары.
  • Кылмыштардын өзүнчө курамынын белгилери, ошондой эле аларды бөлүштүрүү белгилери такталды.
  • Кылмыштардын жаңы курамы киргизилди – рейдерлик; адамдын тынчтыгына жана коопсуздугуна каршы кылмыштар; аскердик кылмыштар; адамды медициналык жана фармацевтик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар ж.б.
  • Жазык кодексинин нормалары Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык акттарга шайкеш келтирилди.
     
  • Жаш балдарды зордуктагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскиргендиги каралбайт, мындайда сот 15 жылдан 20 жылга чейинки эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарышы мүмкүн, ошондой эле зордукчулга шартуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана амнистия каралбайт.

    Булак: NazarNews.kg

Последние новости