www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунун Исфана шаарында 100 орундуу “Мырза-Айым” бала бакчасы ачылды. Бала бакчанын өзгөчөлүгү – атайын мигранттардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн түзүлүп, заманбап шарттар менен жабдылган. Аны экс-депутат Гүлнара Дербишева уюштуруп, каражаттын 60% өзү көтөргөн, калган 40% чогултуу үчүн демөөрчүлөрдүн, меценаттардын, кайрымдуу жарандардын жана чет элдеги кыргыз диаспоралардын мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялаган краудфандинг кампаниясын жүргүзүшкөн.

Гүлнара Дербишеванын билдиришинче, бала бакчаны уюштуруу алдында эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүнүн жана аз камсыз болгондордун керектөөлөрүн терең изилдешкен. Мигранттардын балдары үчүн айлык төлөмү 2500 сомдон болот. Анын ичинде орус тили, англис тили жана иштиктүү көндүмдөрдү үйрөтүү сабактары бар. Бала бакчаны ишмердиги жаңы ыкмаларга жана инновациялык идеяларга негизделген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости