www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлектеги бир айылдан эле 12 унаа өрттөлгөн

30-апрелде тажик тарап куралдуу кол салуу менен Максат айылына басып кирип, бир канча үйдү тоноп, андан кийин гана өрт коюшкан.

Айрым үйлөр чала күйүп калып кетсе, айрымдары толугу менен өрттөлгөн. Жыйынтыгында Максат айылында 83 үй күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин берген маалыматы боюнча үйлөргө кошулуп 12 унаа дагы күйгөн.

Ошондой элежергиликтүү тургундардын айтымында айрымдарынын унаалары уурдалса, айрымдарынын короодогу малы уурдалган.

Мындан сырткары Максат айылында бир мектеп, бир бала бакча, бир ФАП, бир милициянын участкалык пункту, 2 дүкөн жана бир сарай өрттөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости