www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызстанды бир уюмдан чыгып, башка уюмга кирсин дегендер, мамлекет жетекчилигин жетелеп барып геосаясий эйфорияга такап салбагыла», - деди бүгүн, 6-майда NazarNews маалымат агенттигине мигранттарды колдоо фондунун директору Тимур Саралаев.
«Ар бир кыргыз жараны мамлекетин ойлобой койбойт. Албетте, Кыргызстан эркин, билимдүү, күчтүү жана туруктуу болушун мен да чын жүрөктөн каалайм. Бүгүн жаңы Баш мыйзам ишине кире баштады, ак жолтой болушун тилейли, Президент жүргүзүп жаткан саясатына ылайык, бүгүндөн баштап өлкөбүздө болуп жаткан жана боло турган процесстерге эми түздөн-түз керт башы менен жооп берет. Жаратканыбыздан өлкөбүзгө сыноолор болсо да жеңилинен беришин суранып жана Садыр Нургожоевичтин дооруна зор ийгиликтерди каалайлы.
Бирок, кыялдардан тышкары, саясий жана геосаясий ачуу чындык, биздин каалоолорубуздан көз каранды болгон объективдүү реалдуулук бар. Ага ылайык, учурда түптөлүп бара жаткан КМШ, ЖККУ (ОДКБ) жана ЕЭБ өлкөлөрдүн алкагында саясий кырдаал менен саясий процесстер тилекке каршы, өзүнүн терс таасирин Кыргызстанга тийгизбей койбойт.
Албетте, мамлекетибиздин тышкы саясаты бир гана мамлекет, бир гана стратегиялык өнөктөшкө көз караандуу болбошу керек, башка өлкөлөр менен да реалдуу мамиле түзүү - учурдун талабы жана келечектин бекем пайдубалы.
Объективдүү реалдуулукка көз жүгүртүп, түптөлүп калган саясий, геосаясий жана экономикалык көп кырдуу байланыштарды эске алсак, ура-ура деп «уралап» күүлөп жаткан жарандарыбыз эмоциялык тумандын артынан кооптуу абалды көрбөй калып жатышканы өкүндүрөт. Ал жакта көп нерсе бар.
Каалайбызбы, же каалабайбызбы Таджикистан Борбордук Азиядан башка чөлкөмгө, же башка материкке көчүп кетпейт, ал кайда турса, ошол жерде боло берет. Адамзаттын тарыхында тилекке каршы, согуштар болуп келген, бирок согушкан тараптар тил табышууга туруктуулук үчүн аргасыз барышчы.
Душман мүнөздүү Эмомали Рахмондун макулдугу же, буйругу мененби Баткенге, мекенибизге кол салынып, тынч жашаган эл жабыркап, шейит кеткендер болуп, арасынан кичинекей балдар да фашисттердин ыкмаларындай тактикасынын натыйжасында каза болушту. Муну тарых, кыргыз эл эч качан кечирбейт. Дүйнөлүк коомчулук да өз укуктук так баасын берээр.
Бирок, кайра эле учурдун талабына жооп бере турган болсок, өлкө жетекчилиги эртеби-кечпи, Москвада болобу, же Минсктеби, айтор сүйлөшүү үстөлүнө баары бир отуруп, кырдаалды жөнгө салууга багыт алышат.
Анын жыйынтыгы кандай болот, жакынкы келечекте белгилүү болот. Ал эми, кол башчыбыз, мамлекеттик жетекчибизди Садыр Нургожоевичти Кыргызстаныбызды бир уюмдан чыгып, башка уюмга кир деп ар түрдүү үндөөлөргө ыктап жаткандар этияттасыңар, анткени, андай кадамдар мамлекет жетекчилигин жетелеп барып геосаясий эйфорияга такап салбасын.
Мамлекеттин Эл аралык уюмдарга кирип-чыгуусунун да өз жолдору, жоопкерчилиги жана тарыхый, геосаясий, саясий, социалдык, экономикалык жана коопсуздук натыйжалары-жыйынтыгы болот.
«Ажырашуунун» долбоорун ураалап сунуштаган тараптар, анын жолдорун даярдап, саясий-экономикалык альтернативаны тактап, түптөп, элди-жерди даярдап анан ага канча убакыт кетээрин эске алып, алыскы Орусияда айласыз-аргасыз эмгектенип жүргөн миллион кыргыз жараны эртең кандай турмуш тартат, кайда иштеп, нан табаарын, алардын тагдыры кандай болоорун ойлоп, сунуштасаңар жакшы болот эле...», - деп белгилеген Саралаев.
Булак: NazarNews.kg