www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек районунун Жаштык айылынан эки өспүрүмдү Тажикстандын күч кызматкерлери 23-сентябрда кармап кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" балдардын биринин атасы - Азам Гапаров билдирди. Маалыматты айыл башчысы Өткүр Халиков да тастыктады.
Гапаровдун айтымында, алар такталбаган чек ара аймагында автоунаага жүк артып жаткан учурда кармалган. Учурда облус жетекчилигинин деңгээлинде жолугушуу болору күтүлүүдө.
Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди.
Бул окуя боюнча Тажикстан тарап расмий маалымат бере элек.
22-сентябрда да Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу, тажик тараптан бир бала менен бир чоң киши жабыр тарткан.
Эске салсак, чек арада быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажик тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.
Булак: NazarNews.kg