www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көптөгөн ишкерлердин 30 млн.доллардан ашык акчасын бербей жүргөн сдпкчы депутат Самат Ибраев башында турган топ ар бийликтин тилин таап, элге акчасын кайтарбай келет. Бул акчаны алып берүүдө толтура факттарга карабастан коопсуздук кызматкерлери «алсыз» бойдон калышууда.

Спикер Дастан Жумабековдун учурунда парламентти мыкчып турган Самат Ибраев. Спикер анын «тилине» кирип, элдин кыжырын кайнаткан болчу. Азыр бийликтен кеткен, Самат Ибраевдин «тилине» көнгөндүгү үчүн жооп берер кез келди.

Азыркы спикердин деле Самат Ибраевге алы жетпей жатканы көптөгөн суроолорду туудурууда. Аны Дастан Жумабековдукундай оор тагдыр күтүп турган болсо эч таңкалууга болбойт. Учурда жабыркоочулар аянтта митинг өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу кабарлашууда. Эч бир мыйзам иштебесе эл өзү билгендей кылып чечип албай акчасын төлөп койсо дурус болмок.

Самат Ибраевдин уюшкан тобу мыйзамга жооп берип 30 млн.доллардан ашык акчасын берип коюш керек. Ишенчээк адамдарга берер кеңешибиз дагы шайлоо келатат, Самат Ибраевге алданып калгандай алданып калбагыла.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости