www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда кош бойлуу келин коргонуу үчүн аны зордуктоого аракет кылган кошунасына бычак сайгандыгы үчүн сот болорун аталган өлкөнүн жергиликтүү ММКлары жазып чыкты.

25-июнда Чиракчы районунун Лангар махалласында эркек кишинин сөөгү табылган. Киши өлтүрүүгө шектүүнүн айтымында, кошунасы аны зордуктоого аракет кылган. Ал өзүн коргоп, бычак менен бир нече жолу сайган.

Буга чейин облустук прокуратура кишинин өлтүрүлүшү боюнча алдын ала тергөө иштери аяктап, иш Чиракчи райондук сотуна өткөрүлгөнүн билдирген.

Аял Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (атайылап киши өлтүрүү) боюнча соттолот. Ал 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости