www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асылбек Жээнбеков дагы 2 айга камалды

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын карады. Жыйынтыгында сот депутатты камакта калтырды.

Тактап айтканда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жээнбеков дагы 2 ай — 30-ноябрга чейин УКМКнын абагында камакта болот.

Эске салсак, Асылбек Жээнбеков Кумтөр кениндеги коррупцияга шектелип, 31-майда УКМК тарабынан кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости