www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн 24-сентябрда азык-түлүк жана кара май баасы боюнча жыйын өткөрүп, мамлекеттик органдар абалдын оорлошуна жол бербөө үчүн «эң начар сценарийге» даяр болушу керектигин айтты.

«Бир нече кадам алдыга карап иштөө керектигин» белгилеген өкмөт башчысы күтүүсүз кырдаал түзүлүп же аба ырайы начарлап кеткен, түшүм жакшы болбой калган учурга даяр туруу үчүн айыл чарба азыктарынын мамлекеттик резервин түзүү зарылдыгын кошумчалады.

Мариповдун айтымында, азык-түлүк запасын түзүү максатында буудай сатып алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом, өсүмдүк майына жана кумшекерге 300 млн сом бөлүнгөн. Буудайдын жана ундун импортуна кошумча нарк салыгы бир жылга токтотулган. Тыштан мал алып келүүгө да жыл аягына чейин кошумча нарк салыгын салбоо тууралуу чечим чыккан.

Жыйында Орусия менен өлкөгө ташылып келүүчү бензиндин көлөмүн көбөйтүү тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканы, дизель майы жетиштүү көлөмдө келип жатканы, азык-түлүк баасы бардык өлкөлөрдө кымбаттагандыктан анын таасири Кыргызстанга да тийип жатканы белгиленди.

Кыргызстанда баалардын кескин кымбаттоосу 2020-жылдын жазында башталган. Адистер буга коронавирус пандемиясы негизги себеп экенин айтып келишет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости