www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлектик Хатиконун мурунку кожойкеси табылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Максат айылындагы урандылардын астынан чыгарылган лейлектик “Хатиконун” мурунку кожойкеси табылды. Бул тууралуу жаныбарлардын укугун коргоочусу Оксана Безбородова соц.тармактагы баракчасында билдирди.

"Баатыр өзүн жакшы сезип жатат. Ал азыркы кожоюну Досмат Садыркулов экөө папилломавирусту дарылоону башташты. Ал эми Урпия эже, мурунку кожойкеси мага телефон чалды. Мен жаңы кожоюн жөнүндө, ал кандай шарттарда жашап жаткандыгы, аны менен бардыгы жакшы экендигин айттым. Ал дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирип, Бишкекке барганда ага жолугууга уруксат сурады ", - деп жазган Оксана Безбородова.

Эске салсак, жаныбарды Бишкекке алып келишип, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Досмат Садыркуловго беришкен. Ал анын атын “Баатыр” деп койду.
"Хатико-Батырдын" мурунку ээлери азыркы учурда мектепте жашашат. Алардын үйү чек ара жаңжал учурунда талкаланган. Алардын үйү калыбына келтирилет, ага кеминде эки ай кетээри айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости