www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы төмөнкү сыйлык ээлерине 50 000 (элүү миң) сомдон ыйгарылды:

- Наматов Аман Наматовичке – «Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн» номинациясында «Гүлчечекей кулунчак» аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн;

- Ырысбай Абдыраимовго – «Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн» номинациясында «Түбөлүктүү чеп» аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн;

- Сатыбалды Мамбеталиевге – «Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн» номинациясында «Керемет жомоктор» аттуу балдар жомокторунун жыйнагын которгондугу үчүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости