www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин эки тарапты "чырдашкыла, кол салгыла" деп ачык айтпаганы менен Тажикстанды колдоп жаткандыгы айдан ачык көрүнүп жатат. Мындай пикирди саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушусу тууралуу айтып жатып билдирди.  
Ал эми буга чейин Владимир Путин менен Эмомали Рахмондун Москвада өтчү жолугушуусунда Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр чатакты талкуулаганын кабарлаган. 

Тажикстан президентинин расмий сайтында маалымдалгандай, анда Рахмон чек арадагы бардык көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар экенин айткан. Орусиянын президентинин расмий сайтында Владимир Путин менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу жөнүндө жарыяланганда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал жөнүндө айтылган эмес. 

Бул бир жолугуушудагы эки ача маалыматка көпчүлүгү түшүнбөй турат. 

"Тажикстандын расмий сайты чек ара маселесин ачык талкууланып, анда бул маселени тынчтык жолу менен чечүү тууралуу айтылды деп маалымдалып жатат. Ал эми Орусиялык басылмаларда бул тууралуу сөз айтылган жок. Эгерде бул маселе ачык талкууланса, анда Орусиянын сайты алгачкылардан болуп жазып чыкмак. Муну бул жерде бизге кол салгандан бери жалган айтып көнүп калганТажикстандын массалык маалымат каражаттары дагы ошондой эле жалган маалыматтарды таратып жатышат деп божомолдосок болот.

Негизи Путин эки тарапты "чырдашкыла, кол салгыла" деп ачык айтпаганы менен Тажикстанды колдоп жаткандыгы айдан ачык көрүнүп жатат. Мисалы, Дүйшөмбүдө ЖККУнун кезектеги кеңеши болуп, быйылкы жылы Тажикстан башкармалык кылып жатат. Анда же Орусиянын жетекчилери же башка мамлекеттер бирөө дагы "бул эмне деген жаңжал, аны токтоткула" деп сунуш берип, айткан жок", - дейт талдоочу.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости