www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарында жашы жете электер унаа уурдап, андан соң жол кырсыгына кабылышты.
Бул фактыны Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Облустук милициянын маалыматы боюнча, 6-майдан Каракол ОВДнын нөөмөт бөлүмүнө 36 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 5-майдан 6-майга караган түнү белгисиз адамдар анын Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кетишкендигин билдирген.
Билдирүү келип түшкөндөн кийин, “Перехват” планы киргизилген. Издөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган унаа жол кырсыгына кабылган абалда Ак-Суу районунун Жолголот айылынын Панорама участкасынан табылган. Кырсыктын кесепетинен унаадан бара жаткан 15 жаштагы Ю.Р., 15 жаштагы С,Д., 14 жаштагы И,А. жана 13 жаштагы М.К. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаткырылды.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жашы жете электер арыз ээсине таандык унааны уурдап, Панорамага барышып, ал жерде жол кырсыгына кабылышкан. Милиция билдиргендей унаа тоноого катышкан адамдардын бири, 13 жаштагы М.К аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Каза болгон мектеп окуучусу Жети-Өгүз районунун Дархан айылынан болот. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 10-майда болду. Үчөө Ысык-Көл облустук ооруканасында, бирөөсүнүн абалы оор.
Унаасы уурдалган үй-бүлө өспүрүмдөр катары менен төртүнчү унаа тоноп жатканын билдирди. Мындан тышкары, буга чейин алар мал уурулук кылган деп болжолдонгон. Унаа үй-бүлөнүн кирешесинин булагы болгон.
Булак: NazarNews.kg