www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев журналисттерге Ворух анклавы жана №39 протокол боюнча маалымат берди.
Ташиевдин билдирүүсүндө караганда, №39 протокол боюнча айрымдар ар кандай кептерди айтып, ушактар тарап жатат.
“Лейлек эч кандай анклав болуп калбайт. Коомчулукта айтылган айың кептер жалган. №39 протоколду кабыл алып жатканда анын аткарылышы боюнча механизмдерди карап чыкканбыз. Протоколдун аткарылышында жазылгандай, Ворухка жол бериш үчүн биринчиден, анын статусун аныктап чыгышыбыз керек. Ал мамлекеттик келишимдин негизинде гана аныкталат”, - деп, мамлекеттик чоң келишим түзүлүп, андан кийин гана чечим кабыл алынарын баса белгиледи.
"Лейлек эч качан анклавда калбайт. Лейлекке кетчү эки жол болот: Ак-Сай—Рават жана Төрт-Көчө аркылуу", - деп кошумчалады УКМКнын төрагасы
Булак: NazarNews.kg