www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жети автоунаага от койгон деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн түнү борбор калаада сегиз автоунаа өрттөнүп кеткенин айткан.
Жети автоунаага от койгон деп шектелген жаран кармалды
Маалыматка караганда, 31-январга караган түнү саат 1:45те 102 кызматына Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барганда К.К. аттуу жаран белгисиз адамдар автоунааны өрттөдү деп арыз жазган.
Анын айтымында, Мercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа Ахунбаев көчөсүндө токтоп турган.
"Андан тышкары, ошол эле түнү шаардын ар кайсы жеринде токтоп турган алты автоунаа өрттөлгөн. Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана талкалоо") менен кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй шектүү катары 33 жаштагы жаран кармалды. Учурда ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып жатат.
Булак: NazarNews.kg