www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 31-январда NazarNews маалымат агенттигине окурман тарабынан Билим берүү министри Болот Купешовдун коомчулукка белгисиз, жаап-жашырган иш аракеттери тууралуу кат келип түштү.
Төмөндө каттын толук нускасы:
Билим берүү министри Болот Купешов купуя буйруктарды чыгарууда эч кимди алдыга салдырчудай эмес. Ачык эле айтып коел, бул бирөөнү курулай жамандоо эмес, болгону факт. Учурда коомчулукта сабатсыздык же Кыргызстандагы билим берүүдөгү алешемдиктер жөнүндө катуу талкуулар жүрүп, нааразычылык күчөп турат. Жасалма дипломдуулар жаратман болуп, алардын катары жакшы эле көбөйүп, жарга кулаарыбызга аз калган экенбиз. Мындайга чыдабаган ажобуз Садыр Жапаров баардык мекемелерде иштеген адискөйлөрдүн баарынын дипломдорун текшертүүнү жолго койду. Билим министрлиги билмексен тартып, комиссиянын чечимдеринен кийлигишүүгө жарап берээрин көрсөтүүдө.
Болбосо, ушул мекеме эле бул ашмалтайларды тескеп, кайсыл ЖОЖдо кандай мыйзам бузуулар болуп, министрликтен аларга кимдер аралашканын алаканга салгандай ачыктап берип койсо болмок. Ага булардын дити да, колу да барбаса керек. Тетирисинче, андай окуялар болгон жерди «тегиздеп» жүрсө керек. Алары кийинкиде сөз болсун... министрдин жап-жаңы мыйзам бузуусу жөнүндө
Бул ирээт өзүн апапакай көргөзгүсү келген Билим министр Болот Купешовдун мыйзам бузууларына орун берели.
Жалпы республика аймагын албай эле, алакандай Таластагы Министрдин «оңко-чонко буйруктарына» токтололу:
1.Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Байыш Керимбаев (маркум болуп калды) ден-соолугуна байланыштуу ооруканада жатканына карабастан, аны эскертүүсүз, себепсиз жумуштан бошоткон. (сыягы Министр КР Эмгек Кодексинде даарыланууда жүргөн адамды жумуштан бошотууга мыйзам жол бербестигин билбесе керек, дагы бир сабатсыздыгы же өзүн өзү билемдиги). Б.Керимбаев Министрдин буйругу Мыйзамсыз экендигин далилдөө максатында сотко даттануу арызын жазган. Сот иштери бутмөйүнчө Б.Керимбаевдин орду ваканттык орун болуп эсептелбеш керек эле. Бирок, Министрлик мыйзамды бузуу менен өз сайтына ШБББнун ордун ваканттык деп көрсөтүп, көп өтпөй кемчиликтерин сезгенби, кайра алып салган. Б.Керимбаев Министрдин буйругу мыйзамсыз экенин далилдөө максатында жума сайын Бишкек шаарына соттук отурумга барып жаткан. Сот отурумуна Министрликтин бир дагы өкүлү келбей, сот отуруму кайра-кайра башка күндөргө жылдырылган. Бишкек-Талас ортосунда убара тартып, чындыкты издеген Б.Керимбаев Бишкек-Талас жолунда келе жатып Суусамырдан авто кырсыктан каза болгон. Албетте, буга министрдин мыйзам боюнча күнөсү жок, бирок, моралдык күнөөнү сезди болду бекен?..
2.Андан көп өтпөй Талас Облусттук Усулдук борборунун директору Т.Тилекматов жаш курагы боюнча (Мамлекттик кызмат боюнча мыйзамга ылайык) жумуштан кеткен. Мыйзам жол берсе кетпейт эле, себеби бул адам тар чөйрөдө «тайке» атка конуп, Таласта билим берүү тармагында маселе жаралганына эле: «Мага айтсаңар министрге айтып коет элем, мен министрдин аялынын тайкеси болом да» (министрдин аялы экөөбү бир айылдан) – деп мактанып калмай жайы бар.
Ал мактанганы жөндүү эле окшойт, себеби министр Купешов анын сөзүн эки кылбай бул кишинин ордуна Бакай-Ата райондук Билим берүү бөлүмнүн башчысы болуп турганда кетирген кемчиликтери үчүн, сот процесстеринин жүрүп жаткандыгына карабастан кайдан-жайдан Марат Доолбековду дайындаган.
Бул дайындоосу кандай болгонун да кийинкиде сөз кылалы. Азыр...
Жаңы күчүнө кирген мыйзам боюнча жергиликтүү жетекчилерди Аким же Мэр дайындаш керек эле. Бирок, мыйзамды уруп да койбогон Купешов Президенттин жүргүзүп жаткан саясатын, мыйзамдарын көзгө илбей, билген намазын окуп жаңы дайындоолорду өзү кылып жатканы жеткен чектен ашкандык. Же: «Мен Көлдүк авалардан болом, түшүндүң да» - дегенинде бирдеме жаткандай. Сөзүбүз кургак болбосун. Анда Купешовдун жап-жаңы алешем буйруктарынын юридикалык жактарын талкуулап көрөлү.
Биринчиси: Буга чейин Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу (ИО) болуп М.А.Беренбаева иштеп жаткан. Милдетин аткаруучунун үстүнө дагы бир милдетин аткаруучу дайындоого эмне себеп болду? Эмне күч келди? Же ат тезегин кургатпай жума сайын министрдин кабылдамасында болуп жаткан министрдин аялынын тайкесинин (Т.Тилекматов) сөзүн дагы эки кыла албай койдубу?
Экинчиден: Мыйзам боюнча биринчи милдетин аткаруучуну, милдетин аткаруудан бошотуп анан жаңы милдетин аткаруучуну дайындоо керек эле. Тилекке каршы, Министрдин буйругунда 12.01.2022 менен биринчи кол койуу укугу менен Ж.Умарова дайындалып, 21.01.22 менен мурдагы Милдетин аткаруучу М.А.Беренбаева Милдетин аткаруудан бошотулган. Ошондо логика боюнча 12-январдан 21-январга чейин эки Милдетин аткаруучу иштедиби? Мурунку Милдетин аткаруучу М.Беренбаеванын 21.01.22 чейин кол койулган документтери жараксызбы?
Анда, кечээ 21-январда келген Министерствонун ички аудити текшерген справкага кайсыл милдетин аткаруучу кол койду болду экен? Же алар дагы министрликтин «тапшырмасы» менен эле келип, бир дагы справка жазган жокбу? Бул жерде да териштириле турган бир топ жагдайлар бар.
Үчүнчүдөн: Ж.Умарованы милдетин аткаруучу кылып дайындоодо, (буйрук 2/4 12.01.22) буйруктун "Негизи" деген бөлүгүнө: "Ж.М.Умаровнанын арызы"-деп жазылганы кандай логика? Эшиктен кирип келип эле Ж.Умарова арыз жазды эле мейли деп койдубу? Эмне үчүн ал жерде Акимдин же Мэрдин сунуштамасы эмес, министрликтин аракеттери адырайып ачык көрүнүүдө? (укканыбызга караганда аким дагы мэр дагы өз каршылыгын билгизип койгон, алар мыйзамды бузууга бара албастыктарын айткан) Ж. Умарова Министрге кат жолдлогон экен же Министр эч кимди укпай: «Билесиңер да, Көлдүкмүн» - дегенин ушул жерден да далилдедиби?
Төртүнчүсү: Министр (2/4 12.01.22) Ж.Умарованы дайындоодо Көк-Ой орто мектебинин директору кызматынан бошотпостон, БББнун башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Умарованын эки жумушу тең кызматтык орун болуп эсептелет. Мыйзамда бир адам эки кызматтык (должность) орунда иштөөгө тыйуу салынарын Министр Купешов мырза окуп койсо жакшы болмок экен.
Бешинчиси:
Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кызмат орду бүгүнкү күндө ваканттык орун болуп эсептелет. Министрликтин Ж.Умарованы дайындоо буйругунда КР Эмгек Кодексинин 74-беренесин негиз кылып буйрук чыгарган. Ал берене Министрдин буйругуна карама-каршы келет. Себеп дегенде КР Эмгек Кодексинин 74-беренесинде ак-кара менен «Кызматкерди ваканттык кызмат боюнча милдеттерди аткаруучу кылып дайындоого жол берилбейт» - деп жазылып турат.
Бул буйрукту жергиликтүү бийлик органдары болгон Аким менен Мэр Мыйзамдуу эмес экенин түшүнгөн. Ошондуктан, буйрук 12.01.22-жылы чыкканына карабастан жаңы дайындалган Ж.Умарованы Коллективге тааныштыруудан баш тартышкан. (анын ичинде бул буйрук мыйзамдуу эмесин түшүнгөн бирок Министрге айта албаган Министрликтин кызматкерлери деле бар). Бирок, мыйзамсыз буйругу аткарылбай жатканына каарданган Министр Таласка Ички аудиттерин жиберип текшерүү менен коркутуп: «эгер муну бекитпесе мугалимдер айлык албайт, анткени буйрукта биринчи кол ошонуку коюлат, бекитпесе бала бакчага чейин текшеребиз дегенге чейин барган. Баарынан кызыгы, жаңы дайындалган Милдетин аткаруучу Ж. Умарованы колективге кадрга эч тиешеси жок Билим беруу Министрлигинде ички аудит болуп эмгектенген мурун жумуштан куулуп, тааныш салып отуруп кайра ишке кирген Кадыр Аликеев тааныштырган. Эгер буйрук мыйзамдуу болсо Министрликтен Кадыр эмес Кадрлар бөлүмүнөн же жок дегенде кураторлук кылган бир өкүл келмек эле. Анткени, алар дагы Мыйзамсыз буйрукту аткаруу жоопкерчилигинен качкан.
Алтынчы:
Министрдин №2/4 12.01.22 Көк-Ой орто мектебинин директору Ж.Умарова Талас райондук шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганга чейин, убактылуу биринчи кол койуу менен жетекчинин милдети жүктөлсүн деп жазылып, кайра тогуз кундон кийин М.Берембаеваны милдетин аткаруудан бошотуу буйругуна (№15/4 21.01.22) табышмактуу себептер менен "Ж.Умарова Талас райоондук, шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганына байланыштуу» - деп (убактылуу Милдетин аткаруу деген сөз болуш керек эле алынып салынган) жыландын башын кылтыйткан.
Кыскасы, Билим министриндеги бир кичинекей мыйзам бузууларды учкай эле айтканда ушундай. Нары тереңге кирсек, нар көтөргүс "былыктар" чыкчудай. Азырынча, өлкөдөгү мыйзам бузуулардын сары изине чөп салган Прокуратура кызматкерлеринин аракетине ишене туралы. Болбосо анан...
Булак: NazarNews.kg