www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунда абал курч бойдон калууда

Лейлек районунун чек ара айылдарында атышуу уланууда. Бул тууралуу журналисттерге президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, саат 17.00дөгү маалымат боюнча Жаңы-Жер айыл округунда атышуу уланууда. Кароосуз калган жергиликтүү тургундардын үйлөрүн Тажикстандын жарандары тоноону улантууда.

«Ак-Сай айылы бошотулду. Ушул маалда Аркадагы Достукта атышуу болуп, каракчылык болуп жатат. Биз Тажикстан Республикасынын бийликтерине ок атышууну токтотууну талап кылганбыз», - деди ал.

Достук айылынын башчысы Сулайман Эргешовдун айтымында, тажик аскерлери ичүүчү суу сактагычты талкалашкан. «Мындан тышкары кечээтен бери талап-тоноо иштери уланууда. Аркада бир нече үйлөр жабыркаган», - деди ал.

Буга чейин тажик аскерлери тарабынан мурда оккупацияланган бир нече айыл бошотулганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости