www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мекен чегинде жүргөн кыргыз армиясына да, ыктыярчы жигиттерибизге да катылгандын катыгын берет деп терең ишенем. Мындай пикирин МККнын төрагасынын мурдагы орун басары Самсаалы Четинбаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
--Самсаалы мырза, мекен чегинде жүргөн кыргыз армиясы катылгандын катыгын берет деп ишеним артсак болобу?
--Мен мекен чегинде жүргөн кыргыз армиясына да, ыктыярчы жигиттерибизге да терең ишенем. Керек болсо ыктыярчылардын катарында курал кармап мекенимди коргоп калууга даярмын. Капилеттен кол салып, бүлүк салган тажик баскынчыларын аябайбыз. Катылгандын катыгын берген кыргыз эли бул жолу да баскынчынын мизин кайтарганга күчү жетет.
Эске салсак, куралдуу кагылышуудан 24 кыргызстандык мерт кетти.
Буга чейин чек арадагы атышуудан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир кызматкери каза болгону айтылган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан жоготуулар көп экенин айткан.
Эске салсак, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.
Булак: NazarNews.kg