www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек районунда балдардын коопсуздугун камсыздоо жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында «Лидер» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүүдө.
Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейд 23-сентябрдан 29-сентябрга чейин Лейлек районунун аймагында жүргүзүлөт.
Ага Лейлек РИИБдин кызматкерлери жана Балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү тартылган.
Иш-чаранын алкагында райондогу соода түйүндөрү, коомдук жайлар, спирт ичимдиктери сатылган дүкөндөр жана бильярд клубдары текшерилип, алардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилүүдө.
Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейд учурунда окууга тартылбай калган бир өспүрүм аныкталып, Балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары, 5 материал Балдар иштери боюнча комиссиясына кароого жөнөтүлдү.
Ошондой эле түнкү убакта мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосусуз жүргөн 8 өспүрүм аныкталган.
Алардын ата-энелерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жалпы 8 миң сом айып пул салынды.