www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки айда тогуз аялдын сөөгү табылды

Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарына жакын Экурхулени аймагында акыркы эки айда кеминде тогуз аялдын сөөгү табылды.

Маалыматка ылайык, аялдардын көбүнүн денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Полиция кылмыштардын ортосунда байланыш бар-жогун аныктоо үчүн атайын тергөө тобун түздү.

Жабулиле Нтимбанын өлүмүнө байланыштуу үч адам кармалган. Алардын бири сурактан кийин бошотулуп, эки аял камакта калган.

Жергиликтүү тургундар аялдар үчүн коопсуздук маселеси күчөгөнүнө тынчсызданууда. Өлкө бийлиги кылмыштардын бетин ачуу үчүн бардык чаралар көрүлөрүн билдирди.

Түштүк Африкада аялдарга карата зордук-зомбулук олуттуу көйгөй бойдон калууда.

Последние новости