www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21–23-сентябрда Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү.
Сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн тышкы иштер, энергетика, каржы, суу ресурстары жана башка тиешелүү тармактарындагы мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын делегациясын энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов, Казакстандын делегациясын Суу ресурстары жана ирригация боюнча биринчи вице-министр Нурлан Алдамжаров, Өзбекстандын делегациясын энергетика министринин биринчи орун басары Умид Мамадаминов жетектеди.
Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү сүйлөшүүлөргө байкоочу катары катышты.
Жолугушууда өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору боюнча талкуу улантылып, ГЭСти биргелешип ишке ашыруу жана башкаруу механизмдери, каржылоо ыкмалары, ошондой эле үч өлкөнүн мындан аркы координациясы каралды.
Өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору боюнча биринчи раунд Бишкекте 31-марттан 2-апрелге чейин, экинчи раунд Ташкентте 28–30-апрелде өткөн.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу 1 860 МВт болуп, станция жылына орточо 6 млрд кВт·саатка жакын электр энергиясын өндүрөт деп пландалууда.