www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы жыйынында «КРдин президентин кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтомду катышып отурган 86 депутаттын 86сы тең колдоду.
КРдин Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону дайындоо ыйгарым укугуна ээ.
Шайлоо жөнүндөгү колдонуудагы конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кезектеги шайлоосу мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт жана Жогорку Кеңеш тарабынан добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирилбестен дайындалат.
Башкача айтканда, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.