www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. Журналист, педагог, Кыргызстан Журналисттер союзунун Нарын облустук уюмунун жетекчиси Кенжебай Кыдыров 24-сентябрда узакка созулган оорудан улам 65 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Кенжебай Кыдыров 1961-жылдын 3-майында Нарын районунун Ийри-Суу айылында педагогдун үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө жогорку билим алган.
Ал эмгек жолун райондук «Жеңиш» гезитинде кабарчы болуп баштап, кийин областтык «Нарын правдасы» гезитинде үзүрлүү эмгектенген. Кенжебай Кыдыров Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, эмгекчил элдин турмушун чагылдырган көптөгөн макала, очерк жана маектерди даярдап, журналистика тармагында өзүнүн татыктуу ордун тапкан.
Эгемендүүлүк жылдарында «Акипресс» маалымат агенттигинин жана «Кут Билим» гезитинин Нарын облусундагы кабарчысы катары да үзүрлүү иш алып барган.
Кенжебай Кыдыров журналистика менен катар билим берүү тармагында да эмгектенип, Нарын шаарындагы мектепте мугалим, райондук билим берүү бөлүмүндө методист болуп иштеген. Ал кесипке берилгендиги, калемгерлик чеберчилиги, жаш журналисттерге багыт берген устаттыгы жана адамгерчилиги менен кесиптештеринин арасында чоң урмат-сыйга ээ болгон.
Кенжебай Кыдыровдун кыргыз журналистикасына жана билим берүү тармагына кошкон салымы, артында калтырган эмгектери кесиптештеринин, шакирттеринин жана аны тааныган замандаштарынын эсинде түбөлүккө сакталат.
Кыргызстан Журналисттер союзу маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Маркумдун сөөгү 25-сентябрда өзү туулуп өскөн Ийри-Суу айылында жерге берилет.
Кенжебай Кыдыровдун жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.