www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлекте 20дан ашык үй өрттөнүп, тонолгон

Жаңы-Жер жана Кулунда айыл аймактарынын чек арага жакын жайгашкан айылдарындагы дээрлик бардык үйлөр тонолгон. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов билдирди.

Анын айтымында, аймакта кырдаал курч бойдон калууда.

«Атылоолор токтоду, бирок кырдаал курч. Аймактын бардык айылдары кыргыз аскерлеринин көзөмөлүндө. Чек арадагы конуштарда үйлөр тонолгон, алдын ала маалыматтар боюнча 20дан ашык үй өрттөлгөн. Азыр укук коргоо органдары жеринде иштеп жатат, андан кийин айылдарды текшеребиз. Ошондо гана жабыркаган объектилердин так саны белгилүү болуп, келтирилген зыян алдын ала эсептелинет», - деген район башчысы облуска гуманитардык жардамдар келип жатканын кошумчалады.

«Биз адамдарды эвакуациялоочу жайларга тамак-аш жеткиребиз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жүктөрү бүгүн эртең менен келди. Районго күйүүчү-майлоочу май ташып келебиз», - деди аким.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости