www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда кеминде 37 адам каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаган.

Каза болгон адамдардын ичинен дагы төрт аскер кызматкеринин өздүгү аныкталды. Бул боюнча маркумдардын жакындары билдирди.

— Дастан Анарбеков, 21 жашта. Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында туулган. 17 жашында Бишкек шаарындагы Куралдуу күчтөрүнүн аскер институтуна тапшырган. Быйыл окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктап, Баткен облусуна чек ара кызматына кызмат өтөөгө бөлүнгөн. Чек ара жаңжалында Тажикстандын аскерлеринин аткылоосунан улам каза тапты.

— Бектур Арзибаев Кара-Суу районунун Жапалак айылынын тургуну. Чек арасындагы жаңжалда окко учуп каза болду. Артында 2 баласы калды.

— Апсамат Жекшенбек уулу Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында туулган. А.Чортеков атындагы мектепти ийгиликтүү аяктаган. Баткендеги чек арага аскердик кызмат өтөп, бир полкко командир болуп барган.

“Мүнөзү жумшак, элпек, көздөрүнөн от жанып турган патриот жигит эле. Окууну аяктагандан кийин өзүнүн максаты, кыялы болгон мекен чегиндеги жоокердик кызматка даярданды. Эң мыкты деген жерлерде өз кызматын өтөдү. Мекенин коргоо учурунда баатырларча курман болду”, — дешти жакындары.

— Алишер Набиев, 22 жашта. Лейлек районунун Кулунду айылынын кулуну. Чек ара кызматында контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн.

«Ал үй-бүлөдө эң улуусу болчу. Атасы жакында эле Орусиядан келген. Алишер күзүндө үйлөнүүнү пландап жаткан. Ал шайыр, боорукер жигит эле. Көптөгөн жигиттер сыяктуу мекенин коргоо үчүн кызматка кеткен. 2022-жылдын март айында армияда кызмат өтөгөндөн кийин контракт боюнча аскер кызматын улантууну чечкен. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ болду», — дешти жакындары.

Последние новости