www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунун мурдагы Маргун, азыркы Мурас айылындагы суу сактагычта гиомембраналар төшөлүп, жаңыртуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аянты 20 миң чарчы метрди түзгөн бул суу сактагычты жаңылоого мамлекет тарабынан 11 млн 200 сом каралган.

“Бүгүнкү күндө курулуш иштери аяктап, 1-мартта суу сактагыч ишке киргизилет, - деп билдирди Лейлек райондук суу чарбасынын башчысы Базарбай Асанов.

Эске салсак, 1987-жылы курулган бул суу сактагычтын эскилиги жетип, астынан сызылып суу чыгып, натыйжада сугат суунун танкыстыгы көйгөй жарата баштаган.

Эми жаңыланган суу сактагыч кайрадан пайдаланууга берилсе, 197 гектар аянтка суу берүү жакшырат.

Булак:  NazarNews.kg

Последние новости