www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элиталык эскорт жана интимдик кызматтын уюштуруучусу кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, КР Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинде ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде төлөөгө жөндөмдүү жарандарга жана жогорку кызмат адамдарына элиталык интимдик кызматтарды көрсөткөн интернет-группасы аныкталып, анын башкы администратору КР жараны И.К.Д кармалды.

Аталган жаран 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш кыздардан, ошондой эле Instagram жана Tik Tok социалдык тармактарында абдан популярдуу болгон белгилүү адамдардан жана блогерлерден турган интернет-группалар тармагын уюштурган. Андагы эскорт кызматтарынын баасы 1000ден 10 миң АКШ долларына чейин бааланып турган. Ошондой эле И.К.Д. кыздардын Дубай (БАЭ) аймагына жана коңшу республикаларга интимдик кызмат көрсөтүү үчүн баруусун уюштурган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен И.К.Д. кармалып, соттун чечими менен Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган мыйзамсыз иштерди колдоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости