www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Андарак жана Көк-Таш айылдарында «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө Лейлек РИИБдин уруксат берүү системасы боюнча каттоодо турган ок атуучу куралдарга ээ болгон жарандардын куралдарын сактоо абалы жана уруксат берүүчү документтери текшерилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактылары катталган жок. Ошону менен бирге ар бир текшерилген жаранга кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Последние новости