www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган публикацияларды жарыялаган 1989-жылы туулган З.Д.А. аттуу жаран менен түшүндүрүү жана алдын алуу максатында сүйлөшүү жүргүздү.
Натыйжада, кармалган адам аталган аракеттерди мас абалында жасаганын жана келечекте мындай жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү аракеттерди жасабай турганын билдирген.
Учурда КР УКМКнын тергөө органдары тарабынан З.Д.A.нын чыгарган публикацияларына карата тиешелүү экспертизалар дайындалды, алардын жыйынтыгы боюнча КР мыйзамдарынын алкагында кошумча чаралар көрүлөт.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети улуттар аралык, аймактар аралык жана расалар аралык кастыкты козутуу, анын ичинде социалдык медиа аркылуу жасалган аракеттер да кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.