www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
BBCнин Афган кызматынын иликтөөсүнө ылайык, 2025-жылдын сентябрында Афганистанда интернеттин убактылуу өчүрүлүшү техникалык себептерден эмес, «Талибан» кыймылынын ичиндеги ички бөлүнүүдөн улам болгону айтылды.
Кыймыл эки топко бөлүнгөн:
• “Радикалдар” – Кандагарда жайгашкан, жогорку лидер молдо Хайбатулла Ахунзада жетектеген топ. Ал интернетти “динге каршы коркунуч” деп эсептейт.
• “Прагматиктер” – Кабулда топтолгон жетекчилер (Барадар, Хаккани, Якуб ж.б.), алар тышкы дүйнө менен байланыш жана экономика үчүн интернетти зарыл деп көрүшөт.
2025-жылдын сентябрында Ахунзада интернетти толугу менен өчүрүү буйругун берген. Бул чечим Кабулдагы жетекчилердин каршылыгын жаратып, алар премьер-министрден интернетти кайра иштетүүнү талап кылышкан.
Натыйжада бир нече күндөн кийин интернет калыбына келтирилип, бийлик муну “оптикалык байланыштын бузулушу” менен түшүндүргөн. Ички тирешүүдө бул жолу “прагматиктер” үстөмдүк кылган.