www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаал учурунда кызматынан бошотулган Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мадияр Кулуев кайрадан кызмат ордуна кайтып келди.

Маалыматка ылайык, Кулуев сотто жеңип чыккан соң РИИБдин башчысы кызматына кайтып келген. Ошондой эле, 2-декабрда өздүк курам менен тааныштырылып, кызматтык милдеттерин баштаган.

Эске салсак, Кулуев ушул жылдын 7-апрелинде өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарбаганы, жеке курамды көзөмөлдөбөгөндүгү, кадрлар менен тарбия иштерин туура жүргүзбөгөндүгү, Бишкек шаарынын комендатурасынын, Борбордук Ички Иштер Башкармалыгынын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн жана буйруктарын четке каккандыгы жана аткарбаганы, ошондой эле тартиптик уставын бузгандыгы үчүн кызматтан алынган. Ал эми Ички иштер башкы башкармалыгынын 3-апрелдеги буйругу менен түзүлгөн комиссия одоно мыйзам бузууларды аныктаганы маалым болгон.

Мындай айыптоолорго макул болбогон Мадияр Кулуев сотко кайрылып, иликтөө учурунда аталган айыптоолор негизсиз экендиги аныкталган. Ага карата илинген айыптоолор алынып, Кулуев соттук отурумдардын бардык инстанцияларынан утуп чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости