www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте милиция бөлүмүндө эркек кишинин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин 9-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын имаратында 2000-жылы туулган эркек кишинин өлүмү катталганы маалымдалган.
Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык, ошол эле күнү, 9-августта Ленин районунун прокуратурасы М.А.нын өлүмү боюнча №1 шаардык милиция бөлүмүндө «Кызмат абалынан аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Тергөө амалдарын жүргүзүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.
«Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды, бардык керектүү тергөө аракеттери прокуратура органдарынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.