www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сулайман-Тоонун боорундагы үйлөр алынат

Ош шаарынын мэриясы Сулайман-Тоо боорундагы үйлөр алынып, туристтерге тоону айланып көрүүгө шарт түзүлөрүн билдирди.

Маалыматка ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруунун алкагында Навои көчөсүн оңдоп түзөө иштерин көрүп чыгып, андан ары Сулайман-Тоодо айланасын бошотуу маселеси боюнча жеринен көрүп чыккан.

“Сулайман-Тоо боорундагы үйлөрдү башка жерге которуу менен айланасын бошотуп, келген туристтер тоону айланып басып, көрүп чыга тургудай шарт түзүлөт”,- деп айтылат маалыматта.

Последние новости