www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Опузалап акча талап кылган деген шек менен Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаардык Ленин райондук ИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Ж.Т.С. жана кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Б.Т.С. кармалган.
"Тергөөчү Ж.Т.С. тергөө алдындагы текшерүү материалдарын токтоткондугу үчүн чет элдик жаран К.М.П.дан 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Аталган тергөөчү Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg