www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас кыргыз эли сыймыктанган чыгаан баатыр. Аны бүт Кыргызстанга, Алтайга жана башка жерлерге койсок куп жарашып калат. Ошончонун арасында кээ бир кейбирлерге окшоп Боз-Бөлтөккө алып барып Манасты жабыштырып салуу туура эмес. Анткени, Боз -Бөлтөк бул дүйнөдө жашап өткөн Байтик баатырдын кичи мекени. Байтик да ал мезгилде солтолордун ханы даражасына жетип, Чүй аймагын чимирип турган. Эштектин Солтосунан үч бала болгон Күнтуу, Култуу жана эптеп жаны бар, арам тамак Чаа. Санчы сынчы сындаганы келсе Күнтуу менен Култууну көрсөтүп Чааны жашырып койот. Тигилерди көрүп сынчы айтат башка балаң жокпу деп ошондо Чааны алып келсе, Санчы сынчы ыйлап жиберет. Мына арстан, жолборстор ушул балаңдан төрөлөт деп, Солтонун мыктылары Жайыл, Бишкек, Кошой, Эшкожо, Түлөберди, Чынгыш, Канай, Жангарач, Байтиктер Чаанын тукумдары. Азыр деле Чаанын тукумдары эч кимге моюн бербей мулжуңдап турушат.

Кыргыздар – 3 миң жылдан ашуун тарыхый таржымалы бар эң байыркы элдердин бири. Кыргыздар менен колтукташ жашаган жүздөгөн уруулар болгон, алар азыр каякта? Алар эбак эле тарыхый аренадан сүрүлүп калган, улут катары калыптана албай туш-тушка чачылып кетти. Алтургай, кыргыздын атын тарыхта калтырып, ошо күндөн ушу күн жашап жаткан ири элдер деле өздөрүнүн баштапкы атын сактай алган жок. Бирок, тагдыр жазымышы экен, биз кыргыздын өз аты менен эл катары сакталып калдык.

Кыргыздын катаал сыноолордун кыл чыпкасынан өтүп, түптүү эл катары сакталып калышында көптөгөн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык факторлор бар. Албетте, анын ичинде байыртан келаткан аскердик өнөрү да бар. Бирок, мында кыргыздардын каармандыгы менен атуулдук ариети чечүүчү фактор болгону эч талашсыз. Ошондон улам, «Манас» эпосу күнү бүгүн да кыргыз мамлекетинин гимни менен желегиндей эле улуттук идентүүлүктүн символу болуп турат.

Оомалуу-төкмөлүү кыргыз тарыхындагы эң көрүнүктүү орун Энесай дооруна туш келет. Кыргыздар I-III кылымда байыркы Таштык маданиятын түптөгөн. Ал эми IX кылымда Улуу Кыргыз каганаты түзүлүп, анын аймагы. Азыркы Монголиядан Теңир-Тоого чейин созулган. Тандамалуу темир иштеткен, курал-жарактын эң мыкты үлгүлөрү жасалган, ошого жараша аскерий өнөрү да өнүккөн, өздөрүнүн рун жазуусу болгон, эл аралык катнаш, аскерий биримдик жана соода-сатык мамилелерин түзгөн.

«Манас» эпосу – кыргыз элинин тарыхый энциклопедиясы» деген аныктаманын эч калети жок. Анда элибиздин тарых-таржымалы, көөнөргүс көркөм күчкө жалгашкан акыл-парасаты түгөл камтылган. Ошондой эле, тарых барагында белгисиз калган элдердин, уруулардын, адамдардын аттары, жер-суу аталыштары, карманып келген каада-салттар, аскер өнөрү, курал-жарактары, турмуш-тиричилик буюмдары, айтор, мезгил элегинен иргелген окуялардын баары бар. Чынында эле ушундай. Ошону менен бирге, мен бул жерде “Манас” эпосун байыркы кыргыздардын аскер өнөр энциклопедиясы деп атагым келип турат.

“Така туякты, туяк тулпарды, тулпар эрди, эр элди сактайт” демекчи, жалпы аскер өнөрү, баардык аскердик курал-жарактар, аскерий айла-амалдар, аларды колдонгон тарыхый адамдар менен уламышка айланган каармандардын жеке тагдыры бири-бири менен өтө тыгыз чырмалышкан.

Курал-жарактар негизинен коло, темир, болот, курч сындуу бышык металлдан жасалган. Кийин мылтык пайда болуп, анын найына сай салына баштаган. “Курама темир курч болот» дегенине караганда, алар ар башка темир кошундуларынан бышыкталып жасалса керек. Бул илимий жактан негизделген. Азыр аскерий куралдарды өндүрүү жаатында дал ушундай алдыңкы технологиялар жана нанотехнологиялар колдонулат.

Андан тышкары, кылыч, шамшар, канжар, кыңырак, найыза, шалк этме, айбалта, чокмор, сыйыртмак, жаа, мылтык, жазайыл өңдүү чабуул куралдары менен катар, зоот, каттама, калкан, туулга сыяктуу коргонуу жабдыктары да кошо жасалган.

«Манас» эпосунда башкы каармандарга, айрыкча Манаска таандык ар бир курал-жарактын өзүнчө таржымалы, аларга ээ болуу тарыхы кеңири баяндалат. Алардын кайдан жана кандай шартта келгени же ким тарабынан кантип жасалгандыгы жөнүндө толук кабар берилет. Алардын энчилүү кылычы, түпөктүү найзасы, көрөгөч дүрбүсү, жазбай аткан мылтыгы болот. жебе менен кылычтын эле кан түрү бар...

Мисалы, асмандан түшкөн алты курчтун (азыркы тил менен айтканда – метеориттин) ар биринин өзүнчө касиети бар. Манастын курал-жарагы мына ошол курчтан жасалган. Демек, кыргыздардын асмандан түшкөн көмүр тек менен байытылган метеорит металлдарын иштетүү технологиясын билген. Алтайдагы темир мештер азыр дагы сактуу турат.

Аскердик түзүм калыбы. “Манас” эпосунда он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башы, кол башы, оң канат, сол канат, туу башы деген аскерий түзүмдүк аталыштар бар. Алардын өз алдынча кеңештери, азыркы тил менен айтканда, аскердик штабдары иштеген.

Аскердик айла-амалдар. Эпосто “Чоң казат”, “Кичи казат” деген аскерий жүрүштөрдүн аттары, жекеме-жеке же жекме-жек, ат коюу, жарып өтүү, ит урушун салуу, орой чалуу, бириндетип талкалоо, буктурма, куугун, ташкапкан, жортуул, кайгуул, чалгын, кайгуул, жер чалуу, тосот, чабарман, тыңчы деген сыяктуу аскерий тактикалык жана стратегиялык айла-амалдар да айтылат. Алар көп жагынан азыркы заманбап аскерий аталыштарга дал келет. Мисалы, Айчүрөктөй аккуу кейпин кийип алып жер чалуу ыкмасы азыркы дрондук чалгын куралынын сыпатын элестетип жаткан жокпу?..

Манас атанын курал-жарактары жөнүндө уламыш бар. «Манаста» чагылдырылган курал-жарактар негизинен энчилүү ат менен аталат. Мындай салт элдик дастандардын көбүнө мүнөздүү. Манас баатыр дагы өзүнүн энчилүү курал-жарагына кандайдыр бир касиеттүү жогорку күчтүн, бизче айтканда, Жараткандын колдоосу менен ээ болот. Манас он төрт жашка чыгып, эрезеге жетет. Ал жанына жети жолдош алып, Үч-Аралга ууга барат. Кийик карап, аң издеген жолдош-жоролору бириндеп туш-тушка кетет. Эсилдин башы Боз-Дөбөгө чыгып, туш тарапка көз чаптырып турганда, төмөндөгү өзөн суунун боюнан бир топ чоочун адамды көрөт. Манас акмалай барып жөн-жайын сурайт. Алардын башчысы Айкожо аттуу көп жашаган касиеттүү кары экен. Ал атайын алыстан Манасты издеп келгенин айтып, ага башка бир касиеттүү адамдын аманаты катары Аккелте мылтык менен Ачалбарс кылычты тартуулайт.

“Жеңген – жетим, жекчил – көп” дейт, анысы кандай, Манас баатыр өлгөндө, анын жакшылыгын көрө алабай ичинен ирип, тышынан тымып жүргөн аталаш тууганы Абыке мене Көбөш бири-бирине эми бул катынын мен алам, тигинисин сен алгын деп, көңүлүн бузуп турганда, жалгыз уулу Семетейди жетелеген Каныкей энебиз Букардагы төркүнүн көздөй качып кутулат. Ал эми Манастын Аккелте, Ачалбарс, Зулпукор, Наркески, Аколпок баштаган жоо-жарагы Абыке-Көбөштүн колунда калат.

А бирок, ар куралдын анты бар эмеспи, Ачалбарс кылыч суурулбай, Сырнайза сунулбай, Аккелте мылтык атылбай, Наркескиси катылбай, Аколпогу кийилбей коет. Көрсө, Манас атанын курал-жарактары башка адамдын амиринет баш ийбейт, өз ээсинин колуна тийгенде гана адилеттүү ак кызматын өтөйт тура. Ошентип, Манастын ал курал-жарагы төрдө илинип тургандан башкага жарабайт.

Кийин Семетей эр жеткен соң, кыргыз кыйырына кайтып келип, атасынан калган мурасын аларда, абалары Абыке менен Көбөштүн айынан көптөгөн кыйынчылыктарга кабылат. Акыры ал бийлигине манчыркап эрдемсинген Көбөш менен жекеме-жеке кармашкан учурда көп жылы төрдө үн-жыңсыз илинип турган Аккелтеден шүйшүңдөп кан агат, өзүнөн өзү эле ары-бери чайпалып, тырсылдап добуш чыгарып, чыныгы ээсин тааныгандай алданеден жакшылык жышаанын берет.

Азыркы тил менен айтканда, Аккелте, Ачалбарс, Зулпукор, Наркески, Аколпок заманбап технологиянын жардамы коддолгон курал-жарак катары сыпатталат. Жоокердик куралдарга мүнөздүү мындай мифологиялык уламыштар “Манас” эпосунун баардык бөлүктөрүндө кездешет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости