www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-июнда Караганды облусунун Шахтинск шаардык сотунда Ленин атындагы шахтада кенчилердин өлүмүнө себеп болгон жарылууга байланыштуу айыпталгандарга  өкүм чыкты.

Сот төрт айыпталуучуну тең күнөөлүү деп таап, бирок мамлекеттик айыптоочу сурагандан аз мөөнөткө жазалады. Сот кендин техникалык кызматынын башкы инженери Петр Лини беш жылга эркинен ажыратты. Прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Вентиляция жана коопсуздук техникасы тилкесинин башчысынын милдетин аткаруучу Дмитрий Аблов төрт жылга соттолду. Кооптуу аймактарды көзөмөлдөө кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Талгат Баякенов менен өндүрүш кызматынын нөөмөт башчысы Андрей Завьялов төрт жарым жылга кесилди (прокурор аларды алты жылга эркинен ажыратууну сураган). Өкүм жарыялангандан кийин бардык айыпталуучулар сот залында камакка алынып, колдоруна кишен салынды. Ошондой эле сот аларды үч жылдык мөөнөткө көмүр тармагында жетекчилик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратты.

Соттолгондордун жакындары өкүмгө каршы даттанарын билдиришти.

Ошол эле маалда сот каза болгон жана жабыркаган кенчилердин жакындарына моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча талаптарды четке какты. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу ар бир жабырлануучуга 20 миллион теңгеден өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Жабырлануучулар соттун өкүмүнө макул эмес жана аппеляциялык арыз берүүгө ниеттенүүдө.

“Биз соттун бул чечимине абдан нааразыбыз. Алардын жазасы аз. Убакыт өтүп, алар бат эле бошонуп кетишет, а биз жакындарыбыздын көрүстөнгө гана бара алабыз”, — деди маркум шахтёрдун апасы Галина Инкина.

Тергөөнүн версиясына ылайык, айыпталуучулар шахтада ашыкча метан бар экенин билип туруп, кенчилердин иштөөсүнө уруксат беришкен. Бир нече күн бою шахтада метандын ашыкча көлөмү катталып, газсыздандыруу иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул фактылар тууралуу жетекчиликке – «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын көмүр департаментине кабарланган эмес. Газдын сызынтысына карабастан, кенчилер өзгөчө кооптуу шахтага жөнөтүлгөн. Өкмөттүк комиссия жалпысынан бул иште 26 киши жооптуу деген бүтүм чыгарган. Бирок алардын ичинен төрт гана кишинин иши сотко жетти.

Былтыр 3-ноябрга караган түнү да Караганды облусунун Ленин атындагы көмүр шахтасында бургулоо учурунда газга ууланып беш адам каза болуп, төртөө оор жаракат алган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости