www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда кыргызстандык айдоочуга карата козголгон кылмыш иши кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу токтотулган. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда массалык маалымат каражаттарында Москвада атайын аскердик операциянын катышуучуларын ташуудан баш тарткан кыргызстандык айдоочуга карата кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалымат чыккан.

Аталган жарандын кайрылуусунун негизинде Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан арыз ээсине толук консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн.

«Мындан тышкары, Кыргызстандын элчилиги РФ Тышкы иштер министрлигинин дарегине аталган жаранга карата козголгон кылмыш ишин объективдүү жана ар тараптуу кароо өтүнүчү менен расмий нота жөнөткөн», — деп айтылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости