www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай менен АКШ кызматташа алат жана кызматташууга тийиш, анткени эки тараптуу кызматташтык чоң үмүт берет. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян бүгүн, 13-мартта 14-Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын 1-сессиясы жабылгандан кийинки маалымат жыйынында айтты. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.

"Төрага Си Цзиньпин менен президент (АКШнын) Байден өткөн жылдын ноябрында жолуккан маанилүү консенсусту реалдуу саясатка жана конкреттүү иш-аракеттерге айландыруу маанилүү. Мен билем, акыркы жылдары Америка Кошмо Штаттарында кээ бир адамдар Кытай менен “мамилелерди бузуу” теориясын кеп кылышууда. Кээде бул абдан кызуу темага айланат. Бирок мен бул өңдүү хайптан канча адам чындап пайда көрөрүн билгим келет.

Кытай тараптын статистикасына ылайык, өткөн жылы Кытай менен АКШнын ортосундагы соода жүгүртүү 760 миллиард АКШ долларына жакындап, тарыхта жаңы рекорд койгон. Кытай менен АКШ экономикалык жактан бири-бири менен тыгыз байланышта, экөөбүз тең бири-бирибиздин өнүгүүбүздөн пайда алабыз”,-деди Ли Цян.

Шанхайдагы өзүнүн тажрыйбасына токтолуп, Кытай өкмөтүнүн башчысы ал баарлашкан трансулуттук корпорациялардын бардык улук менеджерлери Кытайдын келечектеги өнүгүүсүнө оптимисттик көз карашта экенин жана алардын бардыгы кызматташуу эки тарапка тең пайдалуу болгон туура жол экенине ынанганын белгиледи.

"Өткөн жылы көпчүлүк учурда мен Шанхайда иштедим жана менде трансулуттук корпорациялардын, анын ичинде көптөгөн америкалык компаниялардын улук менеджерлери менен иштешүүгө көп мүмкүнчүлүктөр болду. Алардын баары мага Шанхай менен Кытайдын келечегине оптимисттик көз карашта экенин айтышты. Дүйнө өлкөлөрү утушка алып келе турган кызматташтыкты чыңдашы керек. Мунун баары Кытай менен АКШ кызматташууга болорун жана кызматташууга тийиш экенин көрсөтүп турат. Кытай-АКШ кызматташтыгынын келечеги кең. Блокада жана баскынчылык эч кимге пайда алып келбейт ", - деди Кытайдын премьер-министри.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости