www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европанын так чордонунда орун алган Копенгаген шаарында 1910-жылдын 8-мартында болуп өткөн экинчи дүйнөлүк аялдардын конгрессинде расмий түрдө аялдардын эркектер менен тең укуктуулугуна алгачкы расмий кадам салынганы белгилүү. Ал эми Борбордук Азияда болсо аялдардын, өзгөчө жогорку катмардын өкүлдөрү, тээ илгертиден бери эле коомдук – саясий иштерде маанилүү орунда болгондугун тарыхый окуялар далилдейт. 

Кыргыздын жоокер кызы – Жаңыл мырза

Кыргыздын нойгут уруусунун өкүлү даңазалуу баатыр кыз Жаңыл–мырзанын сарыбагыш уруусунан чыккан Түлкү баатыр Сарсеит уулуна болгон сүйүүсүнүн тарыхы кыргыз элинин эсинде айкын сакталган. XVII кылымда жашашкан кыргыздын эки атактуу атуулдарынын легендага айланган трагедиялуу сүйүүсү 1924-жылы Кыргыз Автоном областынын алгачкы Эл агартуу комиссары, профессор Касым Тыныстанов (1901-1938) тарабынан “Жаңыл-мырза” деген ат менен тарыхый-лирикалык поэма жанрында кагаз бетине түшүрүлгөн. 1960-жылдарда кыргыз акыны Тенти Адышова бул поэманы кайрадан кирилица алфавитинде иштеп чыккан. 1996-жылы нарындык тарыхчы Калкан Керимаалы уулу «Жаңыл мырза» аталыштагы эки китептен турган тарыхый – лирикалык изилдөөнү жарыкка чыгарган.    

Бул поэмада Жаңыл-мырза баардык тараптан өз калкынын камын көргөн акылман жетекчи катары көрсөтүлөт. Өзгөчө сулуулук турпаты жана ажайып терең акылдуулугу менен атактуу жоокер кыз далай эр азаматтарды суктандырган. Нечендеген коңшу өлкөнүн баатырларынын ага жетүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. Жаңыл көчмөн элинин өкүлү катары укмуштуудай чеберчиликте чабандес болгон. Ал согуштук искусствону жакшы өздөштүрүү менен биргеликте жааны таамай аткан, шумкар куш жана тайган менен жогорку билгичтикте аң уулаган. Анын табиятында акылдуулук менен сулуулук, эрдик менен назиктик, баш ийбес кайраттуу мүнөз менен иштин ийгилиги үчүн өз өмүрүн курман кылууга дилгир, адамды сүйө билүү жана  сүйүүнүн терең сезимдерине өзгөчө берилген  инсандык сапаттар айкалышкан эле. 

Поэмада айтылгандай, Жаңыл мырза аялдык намысын өтө бийик туткандыктан, капыстан болсо да, ага шек келтирген, өзү ашык болгон Түлкү баатырдан чечкиндүүлүктө жаасынын жебеси менен атып андан кол үзгөн. Мындан соң, ал Түлкү баатырдын уруулаштарынын туткунуна түшүп, өз башынан кыйын түйшүктөрдү жана кордуктарды, намыскөйлүк менен чыдамкайлыкта кечирген. Акыл-амалкөйлүк менен ыңгайлуу жагдайдан пайдаланып туткундан бошонуп, Жаңыл мырза кайра өз уруулаштарынын башчылыгына келип, чет элдик душмандарга калмактарга (батыш монголдорго) каршы боштондук  күрөштү жигердүү уланткан. Ошентсе да, бул даңазалуу кыргыз баатыр кызынын өз инсандык өмүрү трагедиялуу болгон экен. 

Калмак ханшасы - Олан баир

Россиянын Мамлекеттик борбордук эски актылары архивинен алынган 1748-жылдагы материалдарда батыш монголдорунун (калмактардын) мамлекети болгон Жунгария хандыгыныны ошол мезгилде 13 жашатагы ханы Цеван Доржи Намжилдин (Аджа же болбосо Ажан-хан титулун алып жүргөн) эжеси ханыша Олан-Баирдын (Лан-баир, Лам-баир) саясий ишмердүүлүгү жөнүндө кызыктуу маалыматтар келтирилген. Замандаштарынын айтысуу боюнча, жаш өкүмдардын бийликтеги тажирыйбасыздыгынан, калмак өлкөсүндөгү туруксуздук абалдан улам «анын баарбык тарабын тейлөө жана башкаруу 19 жаштагы Лан-баирге таандык, ага ноёндор менен зайсандар да баш ийишет” (Россиянын Мамлекеттик борбордук эски актылары архиви. Мындан аары кыскартылып берилгени РМБЭАА 248-Фонд. 113-Опись.  1607-Дело. 306 барак). Бара-бара Олан баир мындай бийликти да аз көрүп, мамлекетти жекече өзү башкаруу максатын көздөгөн. Аджан-хандын жүргүзгөн саясатына нааразы чиновниктердин “бир жолун таап өлкө башчысын өлтүрүп, башка мамлекеттин башкаруучулары сыяктуу (1746-1761-жылдары Россияда бийлик жүргүзгүн Елизаветта Петровна- Д. С.) өлкөдөгү бийликти өзүнө алуусу жөнүндөгү кеңешине макул болот” (РМБЭАА. 248-Фонд. 113-Опись.  1607-Дело. 312-барак). Бирок, оппозициянын ханды ууландырып өлтүрүү кутуму натыйжасыз аяктап, Ажан-хан бул иш боюнча, “300 киши өлүм жазасына тартырган. Кээ бир данышман кишилерди болсо сүргүнгө айдаткан” (РМБЭАА. 248-Фонд. 113-Опись.  1607-Дело. 312-барак). Мындан соң өзү Чыгыш Түркистандын Ак-Суу шаарына сүргүнгө айдалганына карабай, Олан-баир өлкөсүндөгү бийлиги үчүн күрөшүн уланткан. Анда ал жергиликтүү хакимбектер менен уюмдашып, 1749-жылы Россиядан колдоо алуу аракетинен эч майнап чыккан эмес.

Жогоруда келтирилген окуялар кандайдыр бир деңгээлде кыргыздардын эс тутумунда “Олан-баир сулуу” деген уламыш-легендада чагылдырылган. Ошондой эле алар “Он сан жаткан калкты Олан-баир бузду (сан- монголдордун аскерий бөлүкчөсүнүн өлчөмүндө он миң адам болгон - Д. С.)” уламыш-санат катары айтылып калган экен (Кара. Мифтаков К. Талас кыргыздарынын санжырасы. 1923. // РФ НАН КР Инв.№ 200. 311-312 бб).

Кыргыздардын эр жүрөк аыймдары: Ак Байбиче, Кенжебүбү жана Темиржан байбиче

Кыргыз уламыштарында кайраттуу жана эр жүрөк аял XVIII кылымда жашап өткөн Ак Байбиче жөнүндө кызыктуу маалымат айтылыт. Ак Байбиче саяк уруусунун урукбашчысы Кошкай баатырдын аялы болгон. Азыр алардын урпактары Кыргызстандагы Ысык-Көлдүн түндүк жеегинде орун алган Кароол-Дөбө айылында жашашат. Ал күйөөсүнүн узак убакыт калмактардын туткунунда кармалуусуна эч качан моюн сунбаган. Боюндагы Апал жана үпөл деген эгиз кыздарды төрөөрү менен Ак Байбиче өмүрлүк жарын капастан бошотуу үчүн ак элечегин башына оронуп душмандардын аймагы болгон Жунгарияга аттанат. Бул аялдын сүйгөн адамын бошотуу жана балдарынын бактысы үчүн жасаган өзгөчөлөнгөн жоругу Жунгар ханын таң калдырып суктандырган. Калмак башчысы мындай эр жүрөк, тапкыч аялга жогоруу баа берүү менен өзүнүн иш алып баруучуларына ага сый-урмат көрсөтүп кабылдап, каалаганын мүдөөсүн орундоолорун буйурган. Жунгар ханы Ак-байбиченин күйөөсүн бошотуп эле тим болбостон, алардын эгиз кыздарын өзүнүн уулдарына алып бермекке, куда түшүп, эки элдин ортосундагы ынтымактын орношуна негиз салган (Караңыз: Акматбеков А. Көл аңыздары // Кырчын. 1995 № 9.-12. 28-б). 

Эл арасында XVIII кылымдын аягы - XIX кылымдын баштарында кыргыздарга башчылык кылган Атаке баатыр Тынай бий уулунун кызы батыр кыз Кенжебүбү жөнүндө сөз айтылып келет.  Кичинесинен чыйрак өскөн Кенжебүбү жоокерлик жүрүштөрдө ар дайым кыргыз кол башчы атасынын жанында жүргөн жана аны бир канча жолу  коркунучтан куткарганга жетишкен. Ал атасынын күчтүү каршылаштары жөнүндө кылдаттык менен маалыматтарды топтоп берип турган жана кыргыз жоокерлеринин тамак-ашына дыкат кам көргөн.

Дагы бир чечкиндүүлүктүн жана туруктуулуктун үлгүсүн көрсөтө алган аял, бул кыргыздардын солто уруусунун өкүлү XVIII кылымдын ортосу мезгилиндеги кыргыздын башкаруучусу Коңурбай уулу Жайыл хандын аялы Темиржан байбиче болгон. Бул окуя 1774-жылы Кыргызстандагы азыркы Ак-Суу айылынын тушунда, казак ханы Абылайдын жигиттери менен болгон тарыхта «Жайылдын кыргыны» деген ат менен белгилүү көчмөндөр кагылышында орун алган. Кыргыздар үчүн каршылашуучулар тараптан сан жагынан теңсиздиктен кайгылуу аяктаган бул салгылашта, аркага чегинген кыргыз жоокерлерин көрүп, Темиржан байбиче чечкиндүлүктө ак жоолугун аркан менен керип байлап, белгиленген чектен алардын өтпөөлөрүн талап кылып, ата-бабаларынын алдындагы ар-намыскөйлүккө чакырган. Ошондой эле жанжал жүрүп жаткан аймактагы баардык аялдарды чогултуп жана аларды эркекче кийиндирип, курал-жарактандыруу менен биргеликте өзү да кандуу салгылашка кирген. Мына ошентип кыргыздардын башчысынын чыныгы өмүрлүк жарынын аты тарых беттеринде түбөлүк сакталып калган  (Караңыз: Кыргыздар. Он томдук жыйнак. 6-т. Б., 2004. 231-б). 
«Манас» эпосуна кирген Кыз Сайкал.

Дагы бир кыргыздын эр жүрүк кызы, Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү саяк уруусуна таандык Рыскулбек Нарбото уулунун аялы, Сайкалдын ысымы элдин эсинде сакталган. Ал, XIX кылымдарда уруулаштары кыйын саясий кырдаалда турган кезде, жарадар күйөөсүн туткундап алуу үчүн келген, чет жердик жоокерлерге чечкиндүү каршылык көрсөтүп, күйөөсүнүн жоокердик кийимин кийип, курал-жарактарын алып, катуу сокку берген (кара. Кулжабаев О. Укканды улап, көргөндө көңүлгө түй // Учкун. 1991. 15-20-июнь). Жасаган бул эрдиги жана анын жаркын ишмердүүлүк образы кыз Сайкал батыр аялдардын прототиби катары кийинчереек кыргыз элинин баатырдык «Манас» эпосуна ошол ат менен персонаж катары кирген сыяктанат. Маалым болгондой бул эпосто Кыз Сайкал алгач легендарлуу Манастын өзү менен “эр сайышка” чыгып, кийин анын чыныгы талапташына айланган (Караңыз: Манас. Эпос. Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча. 2-К. Ф., 1980. 49-70 бб). 

Өзбектердин ханшасы - Махлар айым 

Фергана тарыхы акылдуу, тайманбас жана талантту аялдардын ишмердүүлүгүнө бай. Молдо Нияздын маалыматы боюнча Кокон ханы Омар хандын (1811-1822-жж. бийликтеги мезгили) сарайында илимпоздорго жана акындарга дайыма колдоо көрсөтүлгөн доордо акын жана мамлекеттик ишмер Махлар айымдын чыгармачылыгын Надира деген псевдоним менен рубаилерди жазуу менен баштаган. Күйөөсүнүн өлүмүнөн кийин ал бир эле акындык чыгармачылык менен алектенип чектелбей өз уулу Мухаммед Али (Мадали) ханга (1822-1841-жж. бийликтеги мезгили) мамлекетти башкарууда акылмандык кеңештери жана чечкиндүү иш-аракеттери менен жемиштүү жардамын тийгизген. Мамлекеттик бийликтеги эки уулдарынын ортосунда кооптуу тирешүүлөр болгон учурларда, аларга кыраакылык менен бийликти бөлүштүрүп берип ортосундагы чыр-чатакты убагында чече алган. Улуу уулу Мадали хан  Кокон хандыгынын тактында калтырылып, кичүү уулу Султан Махмуд-хан Ташкент шаарынын жетекчилигине жөнөтүлгөн. Фергананын борборун курчоого алып, тынч жаткан элди аскерлерине төрт сааттык мөөнөткө талап-тоноого уруксат берген Бухара эмири Насруллахка Махлар-айым тайманбастан эл астында акыйкатту жана заарду сөздөрүн айткан: “Эй бузуку! Эгерде сен эки тараптан (ата тегинен да эне жагынан да ак сөөк  үй бүлөөсүнөн чыккан – Д. С.) падыша заада болсоң, сен мындай ишке барбайт элең! Көрсө сен нукура шах эмес экенсиң!” (Шилтеме алынды: Бейсембиев Т. «Тарих-и Шахрухи» тарыхый булак катары. Алма-Ата, 1987. 110-б). Бул таамай бетке ашкереленип айтылган сөз Бухара эмиринин намысына катуу тийгендиктен, ал дароо эле, эр жүрөк аялдын башын алууга буюрган экен (ошол эмгекте. 105-112-бб.).

Кокон ханышасы -  Жаркын айым

Кокон ханы Шералы Хаджыбек уулунун (1841-1844 – ж.ж. бийлик кылган) аялы кыргыздардын саруу уруусунун баркы уругуна таандык ханыша Жаркын-айым Токтоназар кызы (1802-1868) Фергана мамлекетинин коомдук-саясий иштеринде көрүнүктүү орунду ээлеген айымдардын бири. Анын акылмандык жана көрөгөчтүк менен берген кеңештери уулу Кудаяр ханга (1844-1858-жж.; 1862-1863-жж.; 1865-1875-жж. үч ирээт бийликте турган мезгилдери) хандыкты башкарууда көп эле жолу пайдасын тийгизген. Аны замандаштары «Ханша айым» же көбүнчө чечкиндүүлүгү үчүн «Хаким айым» деп ызаттап чакырышаар эле. Хан даражалуу уулу күнүгө таң эртеден ага учурашуу менен кеңешин угуп, андан соң кана мамлекеттик кызматка киришчү.  «Хакимайым» ар дайым мамлекеттик кызматчылардын тагдырына акыйкаттык менен мамиле кылар эле. Анын чечкиндүүлүк кийлигишүүсү менен күмөн күнөөгө баткан Касым миңбашынын өмүрү сакталса, аталык кызматындагы өкүмзар кудасы Мусулманкулдун башы алынган. Жаркын айым дүйнөдөн өткөндөн соң уулу Кудаяр хан анын урматына Кокон шаарында 1869-1970 жж. келишимдүү «Хакимайым» медресесин курдурган. Мындан бир далай жаш муундар билим алган.

Өзүн-өзү мирабдыка дайындаган – Хал биби

Орус тарыхчысы В. Наливкин Фергананын тарыхы жөнүндөгү эмгегинде XIX кылымдын жарымында Наманган шаарында жашаган жигердүү ишмер Хал-биби тууралуу кызыктуу маалымат айтылат. Ал калкка сууну бөлүштүрүү үчүн шаардык мираб-башчылыгына шайланган күйөөсүнүн ыкшоолугунан анын ордуна, эркекче башына чалма чалып, бутуна өтүк кийүүгү мажбур болгон. Күйөөсүнүн  өлүмүнөн  кийин  тарыхчылардын айтымы боюнча “өзүн өзү Наманган мираб кылып дайындаган... Кызыктуусу, анын өзүн өзү дайындоосуна эч ким каршылык көрсөтө алган эмес. Анткени алар биринчиден, Хал-бибинин таягы менен узун тилинен коркушкан; экинчиден, анын амалкөй акылдуулугунан, элдин турмушту жана жөнөкөй суугат укуктарын эң сонун өздөштүргөндүгү менен катар Намангандын суугат системасын жакшы билгендиги үчүн  ага бул милдетти  ылыйык көрүшкөн. Аны менен Наманган акимдери башка мыкчегерлер (чиновниктер) сыяктуу мамиле жасашса да, андан башкаларга караганда көбүрөк коркушкан” (Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886. 183-б). Алмазбек Абасбековдун маалыматы боюнча Хал-бибинин күйөөсү кыргыздардын багыш уруусунан болгон (Абасбеков А. Т., Молдокасымов К. С. Кыргыз айымдары тарых таразасында.Б.,2004.С.38).

Казак  жаоокер кызы – Бупай-ханум

Орус дипломаты Филипп Назаров 1812-1813-жылдары казак талааларынан өтүп баратып, өзүнүн «Орто Азия элдери жана аймактары жөнүндө жазуулар» деген чыгармасында XIX кылымдын башында казак элинде аялдардын орду жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматты белгилеген; “алардын аялдары абдан мыкты чабандес болуу менен катар найза жана ай-балта менен салгылашышат. Каармандыгы жагынын алар эркектерден да кем калышышпайт” (Назаров Ф. Записки о народах землях Средней Азии. М. ,1968. 20-б.)

XIX кылымдын ортосунда өз Атамекени Казакстандын эркиндиги үчүн болгон күрөштө атагы чыккан казак ханышасы Бупай - бүткүл казактардын акыркы ханы Кенесары Касым уулунун (1841-1847) карындашы болгон. Баарыбызга маалым болгондой эле Кенесары-хан Казакстандагы 1837 жылдан 1847-жылга чейин узаган  Россиянын баскынчылыгына каршы көтөрүлүшкө жетекчилик кылган. Патриоттук идеяларды туу тутунуп, бирдиктүү эгемен Казак хандыгынын калыбына келтирүү үчүн Бупай көтөрүлүшкө активдүү катышып агасынын чыныгы талапкери болгон. Бупай алты баласын өз колуна алып, чечкиндүүлүк менен, бул элдик күрөштү колдобогон күйөөсүнөн түңүлүп биротоло чоң казатка чыккан элге кошулган. Ал эркекче кийинип, 600 кишиден турган жоокердик кошуунга жетекчилик кылган. Көтөрүлүшчүлөрдү азык-түлүк менен камсыздоону жогорку денгээлде аткарган. Бупайдын 1838-жылы мурунку күйөөсүнүн туугандары турган айылга чабуул койгондугун орус чиновниги Редьконун жетекчисине берген билдирүүсүндө мындайча айтылат: “Султан Бупай Касымова 200 киши менен Аман Карабай аймагындагы кыргыздардын (казактардын – Д. С.) бир топ малын айдап кетти. Кайра кайтканда Сырымбеттин колотуна келип, турактардын эшигин талкалап, үйдөгү кийиз, жууркан-төшөктөрдү жана азык-түлүктү алып кетти” (Шилтеме алынды: Бекмаханов Е. Казахстан в 20-40 годы XIX в. Алматы, 1992. 233-бет).

Улуттук боштондук көтөрүлүш жеңилүүгө учурагандан соң, агасынан ажыраганына карабастан Бупай казактардын боло турган жаңы көтөрүлүш толкунунан үмтүн үзгөн эмес. Кыргыз уламыштарында казактын эр жүрөк кызы элдик боштондук көтөрүлүштүн каарманы Бупай (Бопуй) ханым деп урматталат. Кебетеси  казактардай эле кыргыздар да Кене хандын өлүмүнөн кийин, анын ордун ээлеген, алардын лидери катары Бупайды эсептеп калышкан сыйактуу. Анткени 1848- жылы көчмөн кыргыздардын арасында Бупай өзү 1847-жылы туткунга түшкөн Кенесарынын жигиттерин бошотуп, курал-жарактары менен Казакстанга кайтаруу ишин уюштурганы жакшы белгилүү (Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 2 т. Б., 1993. 13-б). 

Анын эрдиги менен казак замандаштары гана сыймыктанып чектелбеген. Мисалга алсак XIX кылымдын аягы  XX кылымдын баштарында белгилүү кыргыздын коомдук ишмери  Шабдан-баатыр Жантай уулу (1839-1912) өз кыздарынын бирөөсүнө эр жүрөк казак амазонкасы -  Бупайхандын ысымын койгон (Жумагулов Ч. Таш жазма эстелиги // Кыргызстан Маданияты. 1980. 20-декабрь 4-б). 

Алай ханшасы - Курманжан

Борбордук Азия тарыхынын көрүнүктүү айымдарынын бири Алай ханышасы деген атак – даңкка ээ болон кыргыз инсаны Курманжан датка Маматбек кызы (1811-1907). Ал жарым кылымга жакын элди бийлөө менен бир эле саясий майданда таанылышы менен чыктелбестен, Зыйнат (бул жөнүндө кененирээк караңыз: Мамытов С. Звезда Алтаир или новые сведения об Алайской царице // Слово Кыргызстана. 1998. 16-декабрь 4-б.) деген  псевдоним менен жазган ырлары аркылуу чыгармачылык жолунда да көрүнүктүү из калтыра алган. Азиянын атактуу бул кыргыз коомдук-саясий ишмери жөнүндө жетишээрлик илимий да популярдуу да маалыматтар бар. Ошондуктан мурдатан белгилүү болгон далилдерге кайрадан кирбестен бир гана анын турмуш жолунун Борбордук Азия тарыхында илимий изилдөөлөргө объект болгондугун баса белгилеп айта кетүүнү туура көрдүк. Легендардуу ханышанын чебереси замандашыбыз доцент Турсунай Өмүрзакованын 1996-жылы ийгиликтүү корголгон кандидаттык диссертациясы “Курманжан датка: Эпоха.  Личность. Деяния.” деп аталат. Ал эми бул эмгек өзүнчө китеп катары 2002-жылы жарыяланып, элибиздин купулуна толду. Кыргыз Республикасынын үчүнчү Президенти Роза Отунбаева даңазалуу энекебиздин 200 жылдыгына арнап, 2011 - жылды «Курманжан датканын жылы» деп жарыялап, мамлекеттик денгээлде көптөгөниш чаралар өткөрүлгөн. Элибиз сыймыктануучу инсандарын жакшы билип, алардан өрнөк алып, ардактай жүрүшү, бардык муундарга өтө керек экендигин, мезгил талап кылууда. 2014-жылы кинорежиссёр Садык Шер Нияз «Курманжан датка» деген көркөм тасма тартып, ал ошол эле 2014-жылы Америкалык Кино Академиясынын «Оскар» сыйлыгынын мыкты чет тилдеги көркөм фильм наминациясына көрсөтүлгөн.

Дөөлөтбек Сапаралиев, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Республикасынын Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, профессор

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости