www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурун Ак үйдө президенттик аппарат кошо жайгашкангабы "порядок" бар болчу. Азыр "проходной дворго" айланып колхоз-совхоз болуп кетиптир. 
Бул тууралуу пикирин активист Урматбек Турдушев социалдык баракчасына жазып чыкты. 

Ошондой эле: "Дресс-код сырттан киргендерге болгону менен ичиндеги мамлекеттик кызматкерлерге иштебейт өңдүү. Үстүнө пиджак, астына джинсы менен красовка кийген балдар-кыздар жүрөт. А бийликтин ЖКдагы өкүлдөрү сыртта күрөшүп ойноп жүрүшөт. Кээ бир депуттардын деңгээли кафеде мушташып, жаш кыз депутаттар салондон анан Тик Токто олтурушса ушул кантип бийликтин бутагы болсун, ушулар кантип мыйзам жазат", - дейт Турдушев.

Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле дегендей, карапайым элден өткөн тараза жок. Анткени баары алаканга салгандай көрүнүп турат. 

Чынында, Ак үйдү мамлекеттик кызмат эмне экенин түшүнбөгөн түркөйлөр ээлеп алгандай. Элге үлгү болчу эл өкүлдөрүнүн, министрлердин, жалпы эле мамлекеттик кызматкерлердин аброю түшүп кетти. Интеллектуалдык деңгээлдери өтө төмөн. Бээ десең, төө дегендер иттин кара капталынан. Этика, маданият жок. Адистик, билим тууралуу сөз кылуу коркунучтуу болуп калды. Жедеп чирип баратат. 

Мына эшигин кирип төрүнө өт демекчи, Ак үйгө кирип баратканда эле постто турган мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлеринен тартып, ошол жерде иштегендердин өздөрүн алып жүргөн жүрүм-турумдары жакаңды карматат. Муну Ак үйгө кирип чыккандар жакшы билет. 

Азыркы эл өкүлдөрүнүн жүзү – көчөдө мушташып жанындагы балдары менен көптөр бирөөнү сабап, бети-башын жарган Жаныбек Абировго окшогон депутаттар экени өкүндүрөт. Кээ бир депутаттар сын айткандарды коркутуп, сөгүп, ошол кылыктарына корстон болуп жүрүшөт. Ал эми айрым айым депутаттар иш ордунда Тик Токто отурушат, кыйшалаңдашып. Мына абалыбыз. 

Негизи депутаттардын, министрлердин, деги эле элдин жүгүн аркалап жүргөн төбөлдөрдүн репутациясы кынтыксыз болуш керек. Тилекке каршы, бизде абийирин, репутациясын сактап, мыйзамды сыйлаган билими жогору, интеллектуалдык деңгээли бийик мамлекеттик кызматкердин үлгүсүн берчү аткаминерлердин жоруктары акылга сыйбайт. 

Акыл, билимге эмес, кара күчүнө ишенген чала бандит, спортсмендер эл башкарып жатышат. Мыйзам жазып, мыйзамды көзөмөлгө ала тургандар өздөрү мыйзамды түшүнбөйт, сыйлашпайт. Анан кантип өнүгүп, өсөбүз. Кантип оңолобуз. Деги кайда барып токтоорубуз белгисиз. Туңгуюк эле болуп баратат. Эсибизге келип этегибизди жыйбасак, эртең кеч болуп калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости