www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Планета жана адамдар үчүн: азыркы жана келечектеги натыйжалуу жана инклюзивдик глобалдык башкаруу» деп аталган Жогорку деңгээлдеги консультативдик кеңешменин баяндамасы алдында 17-20-апрелде Караколдо мүмкүн кырсык боло турган аймактарда жашаган жамааттардын лидерлери менен тренинг жолугушуулар өткөрүлдү.

Баяндама – Бириккен улуттар алдында 2024-жылы өтө турган Келечек саммитинде БУУга мүчө мамлекеттер карай турган тарабынан глобалдык жана натыйжалуу кызматташууга пайдубал түзүүгө маалыматтык негиз болууга тийиш.

Тренингдин катышуучуларынын талкуусу жана сунуштамаларынын жыйынтыгында «Жергиликтүү деңгээлден глобалдыкка чейин чечимдерди кабыл алуу иштерине жергиликтүү жамааттардын катышуусу жана кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу» деп аталган резолюция кабыл алынды. Резолюция өзүнө төмөнкү кайрылууну да камтыйт:

© Eggishorn

«Биз, кырсык мүмкүн боло турган аймактарда жашаган жергиликтүү жамааттардын лидерлери, жергиликтүү кеңеш депутаттары, жергиликтүү өз алдына башкаруу органдарынын, профсоюз, жаштар менен Ысык-Көл облусунун маалымат каражаттарынын өкүлдөрү талкуулардын жана реформаларды илгерилетүү боюнча иштелип чыккан адвокациялык пландардын жыйынтыгында, жергиликтүү деңгээлден глобалдык деңгээлге чейин гендердик теңчиликти, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоп, алдыга жылдырууда инклюзивдик мамилени талап кылган климаттын өзгөрүшүн, жаңы мүмкүн боло турган чыр-чатактар менен кырсыктарды эске алуу менен, чечимдерди кабыл алуу иши бардык катмарларга бирдей жеткиликтүү болушу үчүн, саясат калыптоо менен ресурстарды тең пайадалануу, КРда бийлик менен бизнестин натыйжалуулугун арттыруу жана мобилдүү жарандык коом түзүү максатында КР президентине, министрлер кабинетине, Жогорку Кеңешке, Акыйкатчы (омбудсмен) институтуна, эл аралык уюмдарга жана каржы институттарына, ЖКУ жана жергиликтүү жамааттарга кайрылабыз:

• - Инклюзивдүүлүк жана отчеттуулук принциптерин пайдалануу аркылуу, жергиликтүү жамааттардын маанисин жогорулатуу менен, жарандык мониторинг менен парламенттик көзөмөлдү күчөтүү аркылуу жана Акыйкатчы (омбудсмен) институту менен биргеликте чечим кабыл алуу системасына болгоне ишенимди калыбына келтирүү;

• «Жер казынасы жөнүндөгү» мыйзамдын, 2018-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймагын жана калкты өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоо концепциясы менен 2015–2030-жылдарга карата кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча Сендай алкактык программасынын негизинде Ысык-Көл облусундагы биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо жана мөңгүлөрдүн эришин алдын алуу боюнча улуттук комиссияны түзүү;

• «Тоо мөңгүлөрүнүн сакталышы жөнүндөгү» Кыргызстан тарабынан киргизилген жана БУУнун Жалпы Ассамблеясы 2022-жылдагы 76-сессиясынын жүрүшүндө 21-сентябрда бекитилген резолюция менен кошо Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча БУУ конференциясынын жыйынтыгы менен Глазгодо кабыл алынган Климаттык пактты аткаруунун алкагында трансулуттук корпорацияларынын тоо кендерин иштетүүдөгү терс таасирлеринен мөңгүлөрдү коргоо максатында «Мөңгүлөр жөнүндө» мыйзам долбоорунун жаңы редакциясынын кабыл алынышын талап кылуу;

• Адам укуктары жана трансулуттук корпорациялар менен башка уюмдар жөнүндө боюнча БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү тарабынан иштелип чыккан «БУУнун адам укуктары менен байланыштуу ишкердиктин жетектөөчү принциптеринин» негизинде кырсык мүмкүн боло турган аймактарда жашаган жамааттардагы чакан бизнести, гендердик теңчиликти жана жаштар лидерлигин өнүктүрүү, кырсыктардын алдын алуу, климат боюнча долбоорлорду камтуу менен техникалык жана гранттык жардамды локалдаштырууга көмөк көрсөтүү;

• Эмгекчилердин, айрыкча, аялдардын эмгек укуктарын коргоону камсыз кылуу менен, кырсыктар жана тобокелдиктер шартында иштегендердин укуктарын коргоо жана аларды илгерилетүү маселелеринде жергиликтүү деңгээлде профсоюздардын маанисин көтөрүү;

• Туруктүү өнүгүү максаттарын, 2015-2030-жылдарга кырсык болуу мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтүү боюнча Сендай алкактык программасын, УМО ж.б. иштерди аткаруу боюнча альтернативдик отчетторду даярдоого кырсык жана тобокелдик зоналарында жашаган жамааттардын лидерлеринин бирдей катышуусуна көмөк көрсөтүү;

2. Жаратылыш менен адамдын өз ара мамилесиндеги тең салмакты калыбына келтирүү жана Акыйкатчы (омбудсмен) институту жана ӨКМдин катышуусу менен кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин жергиликтүү пландарын иштеп чыгууну ишке ашырууну камсыздоо:

• Кумтөр сабактарын эске алуу менен тоо-кен өнөр жай маселелерин чечүүгө бирдей катышуу жана тийиштүү маалыматка бирдей жетишүү аркылуу улуттук, ошодой эле эл аралык каржы институттарынын инвестициялык долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча жергиликтүү жамааттарга маалымат жеткирүү үчүн тийиштүү шарт түзүү;

3. Жергиликтүүдөн глобалдык деңгээлдерге чейин Барскоон трагедиясынан жабыркагандардын укуктарын коргоого юридикалык коштоо аркылуу Адам укуктары жана трансулуттук корпорациялар менен башка уюмдар боюнча БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү тарабынан иштелип чыккан ««БУУнун адам укуктары менен байланыштуу ишкердиктин жетектөөчү принциптеринин» негизинде жамааттык коопсуздуктун натыйжалуу жана акыйкат механизмдеринин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;

• Экологиялык кырсыктар жана коркунуч бар аймактарда натыйжалуу рекультивация иштери боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу максатында трансулуттук тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууну жөнгө салуу;

• Кырсыктардын алдын алуу максатында республикалык жана аймактык ЖМКлар аркылуу өзгөчө кырдаалдардан коргоону жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча ӨКМдин окутуу программаларын күчөтүү;

4. Жергиликтүү жамааттардын дараметин күчөтүү:

• VFL методологиясын колдонуу менен GNDR коркунучун жана кырсык болуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүү боюнча Глобалдык ассоциациянын мүчөлөрүнүн курамын кеңейтүү;

© AKIpress

• Жергиликтүү жамааттардын активисттери тарабынан иштелип чыккан адвокациялык иштерди өткөрүү жана талкуулоо боюнча дискуссиялык онлайн-платформаны түзүү;

• Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин жергиликтүү пландарына камтуу үчүн практикалык сунуштарды даярдоодо кырсык болуу мүмкүнчүлүгү бар шартта жашаган жергиликтүү жамааттардын көңүлүн бурдуруу;

• Ысык-Көл облусундагы аймактык маалымат каражаттарынын медиа-борборлору менен биргеликте жамаат лидерлеринин катышуусунда кыргыз тилинде «Бизнес жана адам укуктары» боюнча жаңы окутуу программаларын түзүп чыгуу;

• Көз карандысыз профсоюз түзүү, аялдар лидерлигин илгерилетүү боюнча окутуу программаларын ишке ашыруу, адвокациялык программалар жана чечимдерди кабыл алуу иштерине катышуу аркылуу Кумтөрдө иштеген аялдардын эмгек укуктарын коргоону камсыздоо.

«Жергиликтүүдөн глобалдыкка чейин чечимдерди кабыл алуу иштерине жергиликтүү жамааттардын катышуусу жана кырсык тобокелдиктерин алдын алуу боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу» тренинги «Форум-Азия» аттуу өнөктөш менен биргеликте «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын көмөгү менен өткөрүлдү.

Последние новости