www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогору Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев Россияда иштеп, эмгектенип жүргөн Кыргызстандын жарандарыны мекенге кайтуу керектигин айтып кайрылды.

Төрага өз сөзүндө: "Отуз жыл чет жерде эмгектенип өлкөбүзгө жардам кылдыңар, эми Кыргызстанга кайткыла. Мамлекет силер үчүн кам көрөт", - деп билдирди.

Ырасында, өлкөдөн сыртта жүргөн мекендештерди мамлекет камкордук кылып, өзүбүздүн өлкөдөн иш орундарын түзүп кайтарып келчү учур келди.

Нурлан Шакиевдин ниети, чакырыгы кубантат. Бирок убада иш менен айкашышы керек. Курулай сөз курсак тойгузбайт. Мекендештер Кыргызстанга кайтып келип көчө таптап калбаш үчүн, иш орундары түзүлүш керек. Тилекке каршы, азырынча күркүрөп иштеп жаткан өндүрүш жок. Андыктан Шакиевдин кооз сөзүнө ишенип өлкөгө келген мекендештер, иттен жок, же ит байлаган жиптен жок калбаш кажет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости