www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку кеңеште – АКШ менен кызматташуунун негиздери жөнүндөгү келишим көптөн бери жок экени тууралуу маселе көтөрүлдү. Ал келишимдин долбоору даяр, бирок кол коюу такай ар башка шылтоо менен кийинкиге калтырылып келет. Себептердин бири катары – Америкадан Кыргызстанга келип иштеген айрым адамдарга дипломатиялык макам берүү маселеси айтылат. Бишкек ага каршы.

Алгач келишимге 1993-жылдын май айында кол коюлган жана анын негизинде Кыргызстанга көптөгөн ар башка америкалык уюмдар миллиондогон доллар жардам көрсөткөн. Бирок кийин Азимжан Аскаровго америкалык сыйлык берилгенин шылтоо кылып, президент Атамбаев келишимди 2015-жылдын июлунда жокко чыгарып салган.

Америкалык тарап жаңы келишим түзгөн жана ага ошол эле 2015-жылдын сентябрында АКШда кол коюлмак, бирок Атамбаев акыркы мүнөттө чечимин өзгөртүп, Бириккен улуттардын Жалпы ассамблеясына барбай калган. Кийинки, 2016-жылы, Атамбаев сессияга баратып, Ыстамбулда ооруп калып, АКШнын ордуна Москвага кеткен. Эки жолу удаасы менен кол коюлбай калган келишим эми такай ошондой болууда.

Последние новости