www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев 27-апрелде Россия жакында эле Кыргызстандан балык, колбаса, сүт ташууга тыюу салганын эске салып, айыл чарба тармагында өндүрүлгөн азык-түлүк продукцияларын тоскоолдууксуз экспорттоо жана өнүктүрүү үчүн чечкиндүү реформалар керектигин белгилеп, эки мамлекеттик агенттик түзүү сунушун айтты.

Ага ылайык, өкмөттүн түзүмүндөгү тиешелүү кызматтардын функцияларын карап чыгып, багыттарына жараша президенттин алдында эки агенттик түзүү шарт деп айтты. 

Биринчиси — Кыргыз азык-түлүк көзөмөлү агенттиги. Ал Ата Мекендик продукциянын сапатын көзөмөлдөп, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугун күчөтүү функциясын аткарат. Анын карамагына Ветеринардык кызмат, Фитосанитардык кызмат жана Санитардык көзөмөлдөө кызматтары кирет. Бул продукциялардын сапатына жооп берген мамлекеттик орган болуп калат.

Экинчиси — эл аралык мааниге ээ Кыргыз экспорт агенттиги. Карамагына Экономика жана коммерция министрлигиндеги экспортко тийиштүү функциялар өткөрүп берилет. Бирдиктүү терезе принцибинде экспорттук компанияларды каттап жана тейлеп, юридикалык коштоо менен алардын кызыкчылыгын коргоосу зарыл.

Эл өкүлүнүн айтымында, президенттин алдында иштеген агенттиктер жогорку юридикалык статуска ээ болуп, өндүрүшчүлөрдүн экспорттук потенциалын жогорулатууга жана кошуна өлкөлөр менен теңата кызматташканга шарт түзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости