www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Базар-Коргон милициясы ден соолукка залал келтирген 3 жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга Базар-Коргон районунун 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 23-мартына караган түнү саат 2:00 чамаларында Базар-Коргон шаарынын аймагында өзүнө тааныш болгон 3 бала ич ара пикир келишпестиктен улам сөз талашып уруп коюшкандыгын, алардын бири колундагы темир менен тизесине чаап сындырып койгондугун билдирген.
Арыз ээсине карата дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык анча оор эмес дене жараат алгандыгы аныкталган.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Базар-Коргон РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Базар-Коргон шаарынын тургундары 1990-ж.т. А.И., 1991-ж.т. К.И. жана 1995-ж.т. Ж.Б. кармалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg