www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ливандын парламенти өлүм жазасын жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык, өлүм жазасы оор жумуш менен коштолгон өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылат.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Ливан өлүм жазасын расмий түрдө жокко чыгарган биринчи араб өлкөсү болуп калды.
128 депутаттан турган парламенттин көпчүлүгү мыйзам долбоорун колдосо, «Хезболланын» парламенттик блогу ага каршы добуш берген.
Мыйзам долбоору парламентке 2025-жылдын октябрь айында сунушталып, аны ар кайсы саясий блоктордон жети депутат колдогон. Документ кабыл алынар алдында ага бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.
Ливанда 2004-жылдан бери өлүм жазасын аткарууга расмий эмес мораторий күчүндө болуп келген. Бирок өлүм жазасы мыйзамдарда сакталып турган.
Июнь айында Ливандын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясы өлүм жазасын жокко чыгаруу демилгесин колдоп, мыйзамдардагы оор жумуш түрүндөгү жазаны да алып салууга чакырган.