www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда дээрлик 2 миллион 400 миң кыз башталгыч мектептен кийин окуусун уланта албай жатат. Мындай маалыматты ЮНЕСКО жарыялады.

«Талибан» бийликке кайтып келгенден кийин кыздарга 12 жашка чейин гана билим алууга уруксат берилген. Ошондой эле жогорку окуу жайларына тапшырууга да тыюу салынган.

ЮНЕСКО узак мөөнөттүү чектөөлөр келечектеги мугалимдердин жана квалификациялуу адистердин санын азайтып, билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү тереңдетерин эскертүүдө.

Эгер абал өзгөрбөсө, 2030-жылга чейин Ооганстанда орто жана жогорку билим ала албаган кыздардын саны 4 миллионго жетиши мүмкүн.

Ал эми «Талибан» кыймылы аялдардын укуктары ислам мыйзамдарын өздөрү чечмелеген тартипте сакталып жатканын билдирүүдө.

Последние новости